akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-05, 11:37

    Бала бакчаларды курууга жана оңдоого жеңилдетилген насыялар берилет

    Кыргызстанда бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн жеңилдетилген насыялар берилет. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

    Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бала бакчаларды куруу жана оңдоо иштери мамлекеттик банктар – РСК Банк, Айыл Банк, Керемет Банк тарабынан каржыланат.

    Долбоор 2024-жылдын январь айынан баштап беш жылга эсептелген. Белгиленген чен 10% түзөт.

    Ишкерлерге жана жеке адамдарга насыялар төмөнкү шарттарда берилет:

    • балдар бакчаларынын имараттарын куруу — беш жылдыкка 70 млн сомго чейин;
    • капиталдык оңдоо/кайра конструкциялоо (негизги каражаттарды кошкондо) - беш жылга 50 млн сомго чейин;
    • негизги фондуларды сатып алуу жана жаңылоо — үч жылга 10 млн сомго чейин.

    Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстандын аймактарында бала бакчаларды куруу үчүн жер тилкелеринин тизмесин бекиткен.