akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-07, 09:10

    Кара-Суу районунда 120 орундуу бала бакча курулууда

    Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. 

    Мамкурулуштан билдиришкендей, объект республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 2022-жылы курула баштаган.

    Бала бакча жалпы аянты 1079 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имараттан турат. 

    Курулуш иштерин “Араван Ремстрой” ЖЧКсы жүргүзүүдө.