akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-07, 09:50

    Ошто жаңы 140 орундуу бала бакча курулууда

    Мамкурулуш агенттиги Ош облусунун Кара-Суу районунун Тельман айылында 140 орундуу бала бакчаны курууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги бирилди. 

    Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. 

    Бүгүнкү күндө бала бакчанын дубалы тургузулуп, терезелери орнотулуп бүттү. Учурда полду орнотуу жумуштары, балдар үчүн 4 жайкы беседка куруу иштери жүргүзүлүүдө.

    Бала бакча 2 кабаттуу тик бурчтуу формада, аянты 1129 чарчы метрди түзүп, долбоор боюнча дагы ажааткана, откана жана көмүр сактоочу жай, оюн аянтчалары жана 4 жайкы беседка каралган.