akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-21-05, 03:16

    ЕӨБ таза кирешесин 2023-жылдын аягында төрт эсеге көбөйттү

    Евразия өнүктүрүү банкы 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, банктын таза кирешеси 125,2 млн долларды түздү.

    2022-жылы банктын кирешеси болгону 30,7 млн долларды түзсө, 2023-жылы ЕӨБ таза кирешесин 4 эседен ашык көбөйткөн. 

    2023-жылы ЕӨБ инвестициялык портфели боюнча 17,2% көбүрөөк пайыздык киреше алган жана казыналык портфелинен дароо 76,4% көбүрөөк пайыздык киреше алган. Бул таза пайыздык кирешенин 189 млн 560 миң долларга чейин өсүшүнө алып келди. Ошондой эле, ЕӨБнын таза операциялык кирешеси эки эсеге көбөйүп, 183 млн 743 миң долларды түздү.

    Мунун баары банктын кирешесинин көбөйүшүнө алып келди.