Жарыяланган
2024-19-02, 07:34Ушул жылдын январында Кыргыз Республикасында инфляция 5,9% деңгээлинде түзүлдү, бул Улуттук банктын максаттуу көрсөткүчүнө дал келет. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) аналитиктери билдирди.
Жылдык инфляциянын басаңдашына бир катар факторлор түрткү болгон: тышкы рыноктордон баа басымынын басаңдашы, жеткирүү чынжырларын куруу процессинин аяктоосуна байланыштуу өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын турукташуусу жана эсептөөнүн статистикалык өзгөчөлүктөрү.
"Биз статистикалык фактор февраль жана март айларында ишин улантып, 2024-жылдын биринчи чейрегинде инфляциянын жылдык мааниде дагы басаңдашына алып келет деп ишенебиз", - деп жазат талдоочулар.