Жарыяланган
2024-13-05, 04:53Энергетика министрлигине жалпы 28 даана бригадалык унаа, 3 жеңил унаа жана 2 даана экскаватор тапшырылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды.
Маалыматка ылайык, бул техникалар үчүн 86 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.
Белгиленгендей,бул жаңы атайын унаалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Оңдоо иштери ыкчам жана сапаттуу болуп, техникалык жоготуулардын санын азайтууга да таасирин тийгизет.