akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-06, 04:50

    Бишкек мэриясы Кытайдан 350 даана техника сатып алат

    Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев баштаган Бишкек шаарынын мэриясынын делегациясы Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

    Борбордун мэриясынын адистери атайын жабдууларды сатып алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаттуу, кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

    Маалыматка ылайык, 350дөн ашык заманбап атайын техникалар “Бишкек жашыл курулуш”, “Тазалык”, “Бишкекасфальтсервис” жана “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын паркын толуктайт.

    Белгилеп кетсек, бул атайын техника коммуналдык кызматтар үчүн зарыл, анткени акыркы жолу техника паркы 10 жылдан ашык убакыт мурун жаңыланган. Аны сатып алууга каражат Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнгөн.