akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-20-05, 03:37

    «Кыргыз темир жолу» ишканасы 196 млн сомго техника сатып алды

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, "Кыргыз темир жолу" ишканасына атайын адистештирилген техникаларды тапшырды. 

    Маалыматка ылайык, атайын техникалар ишкананын өзүнүн кирешесине сатып алынган жана жалпы 196 млн сом жумшалган. 
    Ошондой эле, өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу 2022-жылы Кыргыз темир жолу тарабынан узундугу 186 чакырым болгон

    "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" темир жолун куруунун биринчи этабынын (63 чакырым) Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталганын, келечекте бул темир жол Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү темир жолду туташтыраарын билдирди. 

    Белгилеп кетсек, 2024-жылы “Кыргыз темир жолу” дагы 20 чакырым темир жол курууну пландоодо. Жер кыртышы даярдалып, 26 чакырымга чейин суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулган. Мындан сырткары 44-чакырымдагы тилкеде бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө.