akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-07, 07:45

    «Улуттук электр тармактары» ишканасы 271 млн сомго техника сатып алды

    “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Белгиленгендей, 30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 млн сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. 

    “Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды”, - деди Акылбек Жапаров.

    Сатып алынган атайын техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт.