Жарыяланган
2024-27-05, 11:30Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат элчилик кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Самат өлкөнүн Армениядагы дипломатиялык өкүлү да болгон. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу элчилик кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Гүлнара-Клара Самат 2021-жылдан бери Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси болуп иштеп келген.