Жарыяланган
2024-05-09, 12:42Кыргызcтандын Орусиядагы элчилиги жарандарга Орусияга жүйөлүү себепсиз барбоону сунуштады.
Белгиленгендей, бул Орусиянын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандардын өтүүсүнө көзөмөлдүн күчөтүлгөн режимине байланыштуу.
Элчилик жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин барбоо керектигин эскертти.
“Ошол эле учурда, зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары тиешелүү жардам же кеңештерди элчиликтин төмөнкү телефондору боюнча ала алышат: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047”, - деп айтылат маалыматта.