Жарыяланган
2024-06-05, 05:20Бүгүн президент Садыр Жапаров бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жапаров бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары менен таанышат.