akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-05, 05:20

    Садыр Жапаров иш сапары менен Ошко барат

    Бүгүн президент Садыр Жапаров бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Жапаров бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат.

    Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары менен таанышат. 


    Тектеш материалды окуу