Жарыяланган
2023-05-09, 05:14Кыргызстанда виртуалдык активдердин эки жаңы оператору жана ушунча сандагы брокерлер пайда болду. Бул тууралуу Финчалгындоо кызматынан билдиришти.
Лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер 28-августтан 1-сентябрга чейинки мезгилде берилген.
Тактап айтканда, "Блокс KG" ЖЧК жана "Электр" ЖЧКсы виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө уруксат алышкан.
"Эльф" ЖЧК жана "СК Брокер" ЖЧК - баалуу кагаздар рыногунда брокердик иштерди жүргүзөт.