akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 11:52

    Курулуш тармагында 500дөй компаниянын лицензиясы алынат

    Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди. 

    Анын айтымында, өлкөдө баш-аягы 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта мунун 2 миңи гана активдүү иштейт. Агенттикте түзүлгөн комиссия мыйзамдарды бузган деген негиз менен 500дөй компаниянын лицензиясын алуу жөнүндө чечим чыгарган.

    Нурдан Орунтаев ишкерлерди курулуш тармагында иштөө үчүн лицензия алуу жеңилдетилгенин айтып, ортомчулардан аны кымбат сатып албоого чакырды.

    “Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин тиешелүү уруксат документтери жок турак жайларды, ар кандай имараттарды салып алган компаниялар бар. Алардын көбүндө адамдар жашап жатат. Буга байланыштуу аларды мыйзамдаштырууда маселелер жаралган”, - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу