Жарыяланган
2024-08-10, 14:42Таласта беш кабаттан турган 11 ипотекалык үй курулууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан маалым болгондой, турак жайлар Алымкулов көчөсүндө жайгашкан.
Жалпысынан 310 батир болот.
Бүгүнкү күндө бардык 11 блоктун котлованы даярдалды. Учурда лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат, андан соң курулуштун кийинки этаптары уланат.