akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-11, 14:14

    Мамлекеттик ипотекалык компания шылуундардан сак болууга чакырат

    Мамлекеттик ипотекалык компания шылуундардан сак болууга чакырат. Маалыматка ылайык, айрымдар акчага мамлекеттик ипотекага электрондук арыз толтурууну сунуштап, кезекке коюуну убадалашууда.

    Белгиленгендей, сайтка арызды ар бир жаран өз алдынча тапшыра алат. Ипотекага үй алуу үчүн кезек толук автоматташтырылган.

    Эгер адам арыз толтурууда кыйынчылыктарга туш болсо, компаниянын кеңсесине кайрылса болот. Адистер кеңеш берип, бардык суроолорго жооп беришет.


    Тектеш материалды окуу