Жарыяланган
2024-30-09, 09:28Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган.
Учурда имараттын ички жумуштары жүргүзүлүүдө. Мектеп быйыл жыл аягына чейин каалгасын ачат деп пландалып жатат.