akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-07, 09:31

    Жыл башынан бери чет өлкөгө 124,5 миң баш мал экспорттолду

    Быйыл жарым жылда чет жакка 124 миң 549 баш мал-жандык экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

    Чет жакка сатылган жандыктардын 65 миң 925и бодо мал, 53 миң 933ү кой-эчки жана 4 миң 691и жылкы.

    Ошол эле учурда, быйыл 6 айда 11 миң 577 баш мал импорттолгон. Анын ичинен 8 миң 528и бодо мал, 488и кой-эчки жана 2 миң 561и жылкы.


    Тектеш материалды окуу