akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-05-09, 10:34

    Кыргызстанда 96 долбоор ишке ашырылууда

    Учурда Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Бүгүнкү күндө 96 долбоордун ичинен 20сы 1,072 млрд сом суммасында каржылоо алган.

    Долбоор айыл чарбанын төмөнкү багыттарын камтыйт: соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү.

    Каржылоо агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасынын (КАПК) алкагында “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” мамлекеттик банктары аркылуу, ошондой эле эки тараптуу өнүктүрүү фонддору (ОКӨФ ж.б) жана эл аралык уюмдар аркылуу берилген.