akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-08, 03:50

    Кыргызстанда 760 млн сомдон ашык каражатка 8 долбоор ишке ашырылат

    Кыргызстанда 760 миллион сомдон ашык суммада 8 долбоорго каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

    Буга чейин жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 19 долбоор 1 млрд сомдон ашык суммада каржылоо алган. 

    "Калган 69 долбоор боюнча каржылоо маселелери, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.