akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-01-10, 09:38

    Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады

    Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпысынан 535 миң гектарда жүргүзүлдү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 112 миң гектарга көп.

    Белгиленгендей, буудай, арпа, жүгөрү, картошка, жашылча, кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдарга салыштырмалуу жакшы деп бааланууда.


    Тектеш материалды окуу