Жарыяланган
2024-06-11, 12:28Сузак менен Кара-Суу райондорунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордо дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, "Айыл Банк", "Элдик Банк" ААКнын өкүлдөрүнөн кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Белгилей кетсек, учурда Каракол жана Жалал-Абад шаарларында да дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылуу алдында турат.
Эске салсак, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында дыйкан-фермелерди тейлөө борбору ачылган.