Жарыяланган
2024-10-07, 03:42Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында №25, №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Белгиленгендей, №25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.
Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү “Жаштар кварталында” жана “Маевка” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.
Белгилеп кетсек, аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.