akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-07-10, 10:27

    Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар жүрүп баштады

    Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар жүрүп баштады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, балдарды ташуучу коомдук транспорт күнүнө 3 ирет — эртең менен, түштө жана кечкисин жүрөт.

    Маалыматка ылайык, №1 автобус Исанов көчөсүнөн Салиевага чейин, №2 автобус Тээке айылынан шаар аралап Төлөйкөн айылына чейин барат.

    Ал эми №3 автобус ДЭУ-21ден Курманжан Датка көчөсүнө чейин каттайт.


    Тектеш материалды окуу