akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-09, 12:56

    Бишкекте 41 троллейбус жана 46 автобус каттоодо

    Сентябрдан тарта “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1002 автобусу иштей баштады. Ошондой эле, 41 троллейбус жана 46 автобус мурда троллейбустар каттаган каттамдар боюнча шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

    “Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы” муниципалдык ишканасынын 174 кичи автобусу жана “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын 124 автобусу линияга чыкты. Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобустук каттамга 2-3төн автобус кошулуп, алардын ортосундагы аралыкты кыскартып, жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүн эске алуу менен катталды.  

    Учурда Бишкектин үч көчөсүндө капиталдык жолдорду оңдоо иштери уланууда. Горький көчөсүндө Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана Тыныстанова көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки тилкеге ​​асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аяктады.


    Тектеш материалды окуу