akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-11-10, 14:40

    Бишкек мэриясы дагы 300дөй автобус сатып алууну пландоодо

    Бишкек мэриясы дагы 300дөй автобус сатып алууну пландоодо.

    Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин бюджеттин эсебинен алынып жаткан Isuzu маркасындагы 68 автобус келет. Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 100 автобус алынат.

    Белгиленгендей, бүгүнкү күндө автопарк 96%га жаңыланды. Жалпысынан учурда ишканада 1 миң 376 автобус бар.


    Тектеш материалды окуу