akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 03:21

    Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

    Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү, 420 дарегинде өз билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

    Буга байланыштуу куруучу "Бизнес Хаус" ЖЧКга курулушту өз эсебинен буздуруу жана ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Ош шаардык сотуна доо арыз келтирилип, мажбур иретинде өз эсебинен бузуу жана ишмердигин токтотуу боюнча Ош шаардык сотунун чечими чыккан. 

    "Бирок, ага карабастан "Бизнес Хаус" тарабынан курулуш иштери улантылып жаткандыктан КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду", - деп айтылат маалыматта. 

     


    Тектеш материалды окуу