Жарыяланган
2023-02-06, 06:49Улуттук банктын алтын куймасынын унциясы 865,6 сомго же 9,88 долларга кымбаттады. Мындай маалыматтар өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында берилген.
2-июнга карата Улуттук банктын жалпы салмагы 31,1035 грамм болгон алтын куймасынын кайра сатып алуу баасы 1-майдагы 177 миң 745 сомдун ордуна 178 миң 610,5 сом деп белгиленди.
Калкка куймаларды сатуунун баасы да 998 сомго же 10 долларга өсүп, 181 миң 289,5 сомду түздү.