akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-16-05, 07:12

    Кыргызстандын алтын валюта резерви өстү

    Апрель айынын аягында Кыргызстандын дүң эл аралык резерви 3 млрд 657,1 млн сомду түздү. Бул өлкө үчүн жаңы тарыхый рекорд. 

    Белгилеп кетсек, январь айында резерв 3 млрд 313,49 млн долларга, андан кийин февралда 3 млрд 323,82 млн долларга жана мартта 3 млрд 491,16 млн долларга жеткен.

    6-майга карата алар иш жүзүндө бир аз азайып, 3 млрд 625 млн долларга чейин төмөндөгөнүн Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

    Улуттук банк 2023-жылдын май айынан ноябрь айына чейин резервге алтынды активдүү сатып алды. Бул мезгилдин ичинде ал жалпысынан 8,2 тонна сатып алган. Андан кийин декабрда көзөмөл органы 1,8 тонна алтын сатса, быйылкы жылдын январына чейин жарым тоннадан бир аз ашык алтын сатып алган. 


    Тектеш материалды окуу