Жарыяланган
2024-17-06, 06:38Жашыл аянтка (газон, сейил бак ж.б.) унааларды токтоткондор үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы эскертти.
Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекстин 179-беренесине ылайык, жеке адамга 5,5 миң сом айып салынышы мүмкүн. Юридикалык жактарга айып 17 миң сомду түзөт.
“Күн сайын көзөмөл жүргүзүлүп турат. Андыктан, унаа токтотуу эрежелерин сактоо зарыл”, - деп эскертти муниципалитет.