Жарыяланган
2024-11-12, 18:04Октябрь айында Кыргызстандын банк сектору 2,2 млрд сом жалпы таза пайда тапты, бул бир банкка орточо 105 млн сом туура келет. Бирок айрым банктар жарым миллиард сомдон ашык киреше тапса, айрымдары олуттуу чыгымга учураган.
Октябрь айында бир нече банктардын таза кирешеси азайган. Алсак, “О!Банктын” кирешеси 6 миллион сомго, “ФинансКредитБанк” 4,5 миллион сомго, “Толубай” АКБ 2,4 миллион сомго төмөндөгөн.
Белгилеп кетсек, быйылкы жыл банк сектору үчүн өзгөрүүлөрдүн мезгили болду. Апрель айында “Халык Банк Кыргызстан” ААКсынын 100% акциясы “О!Банктын” артында турган “Visor International DMCC” инвестициялык тобу жетектеген консорциумга сатылган.
“Евразия сактык банкы” үчүн октябрь айы ийгиликтүү болду. Анткени, аталган банк жыл башынан берки чыгашаларын кыскарта алган. Банк жылдык дефицитти 45 миллион сомго кыскартып, айдын аягында 40 миллион сомго чейин төмөндөтө алган.
Ошол эле учурда, өлкөнүн эң ири коммерциялык банктарынын бири болгон “Мбанк” октябрь айынын кирешеси боюнча алдыңкы орунду ээледи. Ал 519,7 миллион сом таза пайда тапкан. Андан кийинки орунда мамлекеттик банктар: 414,1 млн сом киреше менен “Элдик банк” жана 252,6 млн сом киреше менен “Айыл Банк” турат.
Башка алдыңкы банктардын катарына “Бакай Банк” (200,3 млн. сом), “Бай-Түшүм” (163,6 млн. сом) жана “Демир Банк” (113,3 млн. сом) кирет.
Алты банк 43 миллион сомдон 55 миллион сомго чейин киреше алды. Алар “Кыргызкоммерцбанк”, “FINCA Банк”, “КСБ коммерциялык банкы”, “Евразия сактык банкы”, “Оптима Банк” жана “Компаньон Банкы”.
Июль айында мамлекеттин менчигине өткөн “Капитал банк” октябрь айында 8,7 миллион сом таза киреше тапкан. “ЭкоИсламикБанк” 5,4 миллион сом киреше алса, эң төмөнкү оң натыйжаны “Керемет Банк” (2,3 миллион) алган.
Жалпысынан январь айынан октябрга чейин Кыргызстандын банк сектору 27,05 миллиард сом таза киреше тапкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,06 миллиард сомго көп.