Жарыяланган
2025-19-02, 18:03Жакында курбумдун унаасын менин атыма кайра каттоого туура келди. Мындан улам, мен, курбум жана анын жолдошу болуп “Унаа” мекемесине бардык.
Биринчи этап, унааны текшерүү тез бүттү: биз унааны айдап кирдик, үч мүнөттө баары даяр болду. Бирок мекемеге кирээрибиз менен ал жерде көпкө турарыбыз белгилүү болду. Башка көптөгөн кызматтар сыяктуу эле электрондук кезек ал күнү иштеген жок. 30-номер катары катталып, көп күтүүгө даярдандык. Убактысы тар болгондугуна байланыштуу курбумдун күйөөсү маселени тактады. Системада мүчүлүштүктөр бар экени, Транспорттук каражаттарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери бул боюнча эч нерсе кыла албарын айтышты.
Бул учурда менин журналисттик тажрыйбам ишке жарады– “Түндүк” тиркемеси эсиме түшүп, ал аркылуу унааны кайра каттатууга болору тууралуу макаланы окуганымды эстедим. Биз дароо Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик органдын адисинен бул боюнча тактадык. Мындай мүмкүнчүлүк бар экенин уктук.
Убакытты текке кетирбестен үчөөбүз тең тиркемени ачып, керектүү кызматты таптык. Курбум унаанын ээси катары, процессти телефонунан баштап берди, ал "сатуучу" ролун тандады. Тиркемеде кайра каттоодон өтүшү керек болгон унаа көрсөтүлгөн. Автоунаанын картасында:
Модель;
Чыгарылган жылы;
Мамлекеттик номер;
Айып пулдун болушу;
Техникалык кароо статусу (биз аны жаңы эле өткөндүктөн, статусу оң болгон, ансыз кайра каттоо мүмкүн эмес);
Унаага чектөөлөр.
Кийинки кадамдарды аткаруу гана калды. Биздин учурда кайра каттоого эч кандай тоскоолдуктар болбогондуктан, кийинки кадам транспорт салыгын төлөгөндүгү тууралуу маалымкат берүү болду. Ырас, бул салык буга чейин жоюлган, ошондуктан жакын арада мындай күбөлүк такыр талап кылынбай калышы ыктымал.
Андан кийин, онлайн текшерүү жана электрондук кол коюу аркылуу өздүгүн тастыктоо зарыл болгон. Мындан тышкары, күйөөсүнүн уруксаты талап кылынган - анын да “Түндүк” системасында профили бар жана бул милдеттүү шарт: жубайлардын экөө тең арызда катталышы керек. Күйөөсү өзүнүн профили аркылуу келишимге макулдугун берди, андан кийин унааны сатып алуучу жөнүндө маалыматты киргизүү керек болчу, тактап айтканда, сатып алуучу ID паспортун көрсөтүүсү керек. Ошондой эле транзакциянын суммасын киргизүү керек болчу, бирок биздин учурда акча киргизилген жок, анткени унаа белекке берилген.
Дароо телефонума төмөнкү мазмундагы билдирүү келди: “Сизге унаа сатып алуу үчүн арыз берилди. Сураныч, “Түндүк” тиркемесин караңыз.
Мен колдонмону ачып, кызматка “сатып алуучу” катары кирдим. Ошол замат ал жерде унаанын номери, айып пулдун жоктугу жана башка маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлгөн. Сиз аны банктык тиркеме аркылуу келишимдин электрондук версиясында пайда боло турган QR кодун колдонуп төлөй аласыз. Бул жерде сак болуу маанилүү: алым төлөнбөсө, сатып алуу болбойт.
Кийинки кадам, жаңы каттоо күбөлүгүн жана номерлерди кайдан алууну тандоо керек. Андан кийин, арыз келишимине кол коюу сунуш кылынат - бул текшерүү жана электрондук кол коюуну талап кылат. Сизге электрондук почта аркылуу код жөнөтүлөт, коддор ар 30 секунд сайын жаңыртылып турат, андыктан сиз биринчи жолу кол кое албай каласыз. Система аны кабыл алганга чейин курбум экөөбүз кодду бир нече жолу киргизишибиз керек болчу.
Кол коюлгандан кийин келишим Каттоо жана сынак бөлүмүнө кароого жөнөтүлөт. Бул процесс 3 сааттан 3 күнгө чейин созулушу мүмкүн, бирок биздин учурда баары тез бүттү.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин жаңы каттоо документин жана номурларды алуу үчүн өзүмдүн унаам менен жөнөдүм. Мен Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик органга эрте келдим, бирок ошондо да ал жерде адамдар бар болчу. Көпкө күткөн жокмун: бош терезеге бардым, алар мага келишимди басып чыгарышты, ага кол коюшту, ага эски каттоо күбөлүгүн тиркеп, анан номерлери менен кошо жаңысын беришти. Бардык процесс кезек күтпөй жана ар кандай органдарга барбай аяктагандыгына байланыштуу тез жана ыңгайлуу болду.
Кызмат чындап эле унаа ээлеринин жашоосун жеңилдетет: арыз берүү бир нече мүнөттү талап кылат, система өзү керектүү кадамдарды жасайт жана келишимге кол коюуга чейинки бүт процесс 30 мүнөткө созулушу мүмкүн. Бирок, кемчиликтер да бар. Мисалы, тиркемеде транзакциялардын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү болгон сатуу учурунда акча которууну тастыктоочу орнотулган механизм жок. Ал эми системага эки тарапты тең коргогон банк механизми кирсе, сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы ишеним маселеси чечилмек.
Жалпысынан, эгерде тиркеме жакшыртылып, жакшы маалымат кампаниясы жүргүзүлсө, анда убакыттын өтүшү менен Мамлекеттик авторегистрдеги кезек күтүүлөр таптакыр жоюлуп, унааны кайра каттоо процесси ыңгайлуу жана тез болуп калат.