akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2024-11-11, 15:39

    Эмне үчүн Шайн мускат жүзүмү же Дубай шоколады элге бат таанылды?

    Дубай шоколады, Шайн мускат жүзүмү, Сабинанын макарондору, бул өнүмдөрдү биринчи жолу угуп жаткан жоксузбу? Ал эми Кобе эти, Юбари коону же Копи лувак кофеси жөнүндө эмнени билесиз? Бул азык-түлүктөрдүн баасы да кымбат. Гибрид жүзүм, мистелүү жана кунжут пасталуу шоколад жана макарон кантип популярдуу болуп калды?

    Учурда дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда кызыктуу көрүнүш болууда. Классикалык кымбат деликатестер менен катар социалдык тармактарда престиждин жана актуалдуулуктун символуна айланган “вирустук” өнүмдөр да пайда болууда.

    Белгилеп кетсек, Кобе уй эти, Юбари коону жана Копи Лувак кофесинин баалары аларды өндүрүү татаалдыгынан улам коюлат. Кобе эти “Вагю” уйларынан алынат. Эт Кобе брендин алышы үчүн Япониянын Хёго префектурасында уй туулушу , өсүшү керек, ал эми Юбари коондору топуракта жанар тоо тектери басымдуулук кылган белгилүү бир аймакта гана өсөт. Копи Лувак кофеси Лувак аттуу жаныбар жегенден кийин алынат. Бул деликатестерди өндүрүү сейрек жана көп эмгекти талап кылгандыктан наркы да ошого жараша кымбат. Муну объективдүү факторлор менен түшүндүрүүгө болот.

    Ал эми интернеттеги вирустук контенттин аркасында популярдуу болуп жаткан азык-түлүк өнүмдөрүнө келсек абал башка. Алсак, белгилүү Дубай шоколады, Шайн Мускат жүзүмдөрү жана Сабинанын макарондору. Ооба, бул дүкөндөн алынган кадимки шоколад эмес экени анык. Же болбосо, эң кымбат жүзүм катары "Рубин Роман" бар. Ал эми Сабинанын макарондору, адаттан тыш дизайнга жана даамдуу болгонуна карабастан алар макарон. Бул өнүмдөрдүн баасы көбүнчө уникалдуу касиеттерге же сейрек кездешүүгө байланыштуу эмес, блоггерлердин жана инфлюнсерлердин аталган продуктка өзгөчө көңүл бурушуна байланыштуу. 

    Социалдык тармактар ​​жана медиа эксклюзивдүүлүк иллюзиясын жаратат, ал тургай бул продуктылар массалык рынокто жеткиликтүү. Тенденциялардан артта калууну каалабаган адамдар бул деликатестерди өздөрүнүн лентасынан көрүп, өздөрүн “элитанын” бир бөлүгү катары сезүү үчүн жеп көргүсү келет. Вирустук деликатестердин баалуулугунун көбү "психологиялык премиум" деп аталган нерсеге негизделет. Бул сатып алуучулардын модалуу буюмга болгон кызыгуусунан жана статусун көрсөтүүгө болгон каалоосунан улам пайда болот. Бул көрүнүшкө көптөгөн керектөөчүлөр, өзгөчө жаш муун туш келет, алар үчүн статусту керектөө маанилүү жана бул социалдык тармактарга түздөн-түз байланыштуу.

    Адам психологиясы бизди башкалардан айырмалап турган "эксклюзивдик" нерсенин бир бөлүгү болгубуз келет деп иштелип чыккан. Ошол эле учурда сатып алуучулар жогорку баа буюмдун сапатына эмес, анын актуалдуулугуна жана өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу экенин түшүнүшөт.

    Кымбат сатып алуулар тамактан ырахат алуу катары гана эмес, ошондой эле мода тенденцияларына тартылганыңызды сезүүгө мүмкүндүк берүүчү статустун символу катары кабыл алынат. Эгер сиздин товарыңыз жөнүндө мыкты айтып бере турган блоггерди издесеңиз, анда модалуу вирустук продуктулардын баасы көбүнчө кескин өзгөрүүлөргө дуушар болуп, акыры трендден чыгып кетээрин эстен чыгарбоо керек.

    Кызыгы, бул продукциялардын баары кымбат болгонуна карабастан, орточо айлык акысы бар адамдар үчүн жеткиликтүү. Мындан улам товарды сатууда аны кызыктуу кылып сунуштоо, арзан баада болушу, инфлюнсердин жарнамасы кыска мөөнөттүү болсо да ийгиликке жетүүгө көмөктөшөт. 

    Модалуу жана кымбат баалуу деликатес феномени заманбап экономика жана маркетинг кантип массалык түрдө өндүрүлгөн продукцияга убактылуу баалуулук жаратаарын көрсөттү. Бул деликатес өзгөчөлүгүнөн же сейректигинен эмес, хайп жараткан "психологиялык премиумдан" улам коомго таанылат. 


    Тектеш материалды окуу

    • Грин-карта: адиске акы төлөп, лотореядан утуп алуу мүмкүнбү?
      Лотерея аркылуу грин-карта утуп алуу - бул көптөгөн адамдар үчүн АКШда жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүк. Бирок башка лотереядагыдай эле, бардыгы эле утушка ээ боло бербейт, берилген жалпы арыздардын 40% жакыны документтин туура эмес толтурулганынан четке кагылган.
      2025-14-01 12:02:01
    • Эмне үчүн Шайн мускат жүзүмү же Дубай шоколады элге бат таанылды?
      Дубай шоколады, Шайн мускат жүзүмү, Сабинанын макарондору сыяктуу өнүмдөрдү биринчи жолу укпагандырсыз. Ал эми Кобе эти, Юбари коону же Копи лувак кофеси жөнүндө эмнени билесиз? Бул азык-түлүктөрдүн баасы кымбат. Гибрид жүзүм, мистелүү жана кунжут пасталуу шоколад жана макарон кантип популярдуу болуп калды?
      2024-11-11 09:39:42