akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Sputnik

    Жарыяланган

    2024-06-09, 08:56

    Жарым жылда Кыргызстандын банктарындагы акча жүгүртүү 1,3 трлн сомго жетти

    2024-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кассаларына 1,3 трлн сом акча салынган, бирок калк жана компаниялар бул суммадан да көп акча алышып, накталай акча алуунун көлөмүн көбөйтүшкөн.

    Жүгүртүүдөгү накталай акча көбөйгөндүктөн банк системасына акчанын кайтарымдуулугу төмөндөй баштаган.

    2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда жүгүртүүдө 222,6 млрд сом болгон, анын 7,7 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында болсо, калган 214,9 млрд сому банк системасынан тышкаркы каражаттар болгон.

    2023-жылдын 1-июлуна салыштырмалуу жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 36 млрд сомго көбөйгөн, бул жүгүртүүдөгү акчанын 20,1%га өскөнүн тастыктайт.

    Банктардан накталай акча алуунун көлөмү өстү

    2024-жылдын экинчи чейрегинде өлкө боюнча коммерциялык банктардын кассаларына 1,27 трлн сом түшкөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 167 млрд сомго (же 15,2%га) көп.

    Банктардын кассаларына эң көп апрель айында 448,3 млрд сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылдын апрелине салыштырмалуу 100 млрд сомго көп. Бирок, май айында акча түшүүлөр 6,65%га, ал эми июнда дагы 4,76%га төмөндөгөн.

    Коммерциялык банктарга салынган акчалар көбөйсө да, калк жана компаниялар накталай акча алгандыктан сумма ашып кеткен. Ушул эле мезгилде банк кассалары аркылуу 1,29 трлн сом берилген, бул салынган акчадан 25,5 млрд сомго көп. Накталай акча каражаттарын алуу өткөн жылга салыштырмалуу 15,9%га, же 177,4 млрд сомго көбөйгөн. 

    Апрель айында накталай акча алуу эң көп - 456,1 млрд сомду түзгөн. Андан кийин накталай акча берүү кыскара баштаган. Майда – 424,2 млрд сом, июнда – 410,7 млрд сомду түзгөн. 

    Белгилеп кетсек, 2023-жылдын ушул мезгилинде накталай акча алуунун көлөмү да салынган акчалардан ашып кеткен.

    Банктарга накталай акчаны кайтаруу азайды  

    Коммерциялык банктарга накталай акчанын кайтарымдуулугу 2024-жылдын экинчи чейрегинде 98%ды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,6%га төмөн. Бул көрсөткүч акча берилгенден кийин анын банк системасына канчалык эффективдүү кайтарылганын көрсөтөт. 

    Накталай акчаны банкка кайтаруу азайды. Бул банк системасынын сыртында жүгүртүлгөн акчанын көп экенин тастыктайт. 

    Кызыгы, кээ бир региондордо акчанын банкка кайра кайтарылышы кыйла төмөндөгөн. Алсак, Ош шаарында 2023-жылдын апрель-июнь айларына төмөндөө -2,8 пайыздык пунктту, Бишкек шаарында -0,9, Жалал-Абад облусунда -0,6 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда Нарын облусунда акчанын кайра келиши 2,7 пайыздык пунктка өскөндүгү байкалган, бул банктын кассаларына акчанын жигердүү кайтып келгендигинен кабар берет.

    Ал эми Чүй облусунда жана Баткен облустарында накталай акчанын кайтарымдуулугу эң жогору болгон. Ал тиешелүүлүгүнө жараша 100,4% жана 100,2%ды түзгөн. Бул аталган аймактарда банктарга кайтарылган накталай акчанын көлөмү берилген суммадан да ашып кеткенин билдирет


    Тектеш материалды окуу

    • Эми иш берүүчүлөр айлыкты банк аркылуу төлөөгө милдеттүү
      Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык иш берүүчүлөр жумушчулардын айлыктарын банктар аркылуу накталай эмес түрдө төлөшөт.
      2024-10-09 05:36:54
    • Жарым жылда Кыргызстандын банктарындагы акча жүгүртүү 1,3 трлн сомго жетти
      2024-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кассаларына 1,3 трлн сом акча салынган, бирок калк жана компаниялар бул суммадан да көп акча алышып, накталай акча алуунун көлөмүн көбөйтүшкөн.
      2024-06-09 02:56:06
    • Кыргызстандыктар Россиядан кантип акча жөнөтө алат
      Чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан кыргызстандык мигранттар өз Мекенине, үй-бүлөсүнө акча жөнөтүү зарылдыгына туш болот. Мурда бул маселе көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жана көйгөйлөрдү пайда кылчу, бирок азыр бардыгына эӊ ылайыктуу жана ушул көйгөйдү чечүүгө мүмкүндүк берген жөнөкөй жана ыӊгайлуу жол бар.
      2024-22-01 23:07:40
    • Банкирлер да акча топтойт, же каражатты башкаруу боюнча жеке тажрыйба
      В мире, наполненном финансовой неопределенностью, управлять личными финансами совсем непросто. Но есть люди, которые овладели искусством финансового планирования, как наша героиня — директор филиала Жибек—Жолу «Кыргызкоммерцбанка» Наргиза Сейитова. В интервью «Акчабару» она рассказала о личном опыте ведения семейного бюджета, как копить «на мечту» и как превратить финансовый контроль в стиль жизни, обеспечив безопасное будущее своей семье.
      2023-11-07 02:30:19