Жарыяланган
2024-10-09, 11:36Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык иш берүүчүлөр жумушчулардын айлыктарын банктар аркылуу накталай эмес түрдө төлөшөт.
КРнын Эмгек кодексине киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жеке уюмдар тарабынан бардык төлөмдөр эми кызматкердин банктык эсебине которулат. Бул тууралуу “Акчабарга” “ВИГЕНС” юридикалык борборунун юристи Владимир Плужник билдирди.
“Кызматкер өзүнө ыңгайлуу банктан эсеп ачууга укуктуу, ага иш берүүчү 1-октябрдан тарта эмгек акысын которот. Кошумчалай кетсек, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми ар бир иш берүүчү кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө милдеттүү. Тактап айтканда, расмий түрдө иштеген бардык кызматкерлер катталат. Иш берүүчү анын актуалдуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү жана реестрди жүргүзүү тартибин бузгандыгы үчүн административдик айыпка (жеке ишкерлерге 3 миң сом, юридикалык жактарга 6,5 миң сом өлчөмүндө) тартылышы мүмкүн. Башкача айтканда, реестрге кирбеген кызматкерлер бар экени аныкталса айып пул салынат”, - деп белгиледи эксперт.
Бул мыйзам долбооруна президент тарабынан 2024-жылдын июль айында кол коюлган жана бардыгы биринчи жолу байкаган нерсе, мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүү жобосу болгон (мында 2,25% иш берүүчү, 10% кызматкер төлөйт. - Автордун эскертүүсү). Бийлик бизнес ачык-айкын иштеши үчүн накталай эмес төлөө боюнча мыйзамды киргизүүдө.
Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр боюнча пикирлер экиге бөлүнүп, айрымдар үчүн алдыдагы өзгөрүүлөр тууралуу кабар таптакыр күтүүсүз болду. Тактап айтканда, базарлар, соода жана тейлөө ишканалары ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев айрым чарбалык субъектилер дагы деле психологиялык адаптациядан өтүшү керек деп эсептейт.
“Адамдар табиятынан консервативдүү, бирок убакыттын өтүшү менен бул процесс адатка айланат. Бир кезде укмуштай көрүнгөн онлайн соода азыр күнүмдүк турмушта норма болуп калды. Адаптация процесси жүрүп жатат, биз акырындык менен каржылык ачык-айкындуулуктун жана ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлине чыгып жатабыз”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле, Сергей Пономарев өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү өсүп жатканын жана мамлекеттик органдар өз ишинде жаңы технологияларды колдонушу мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин кошумчалады.
“Мамлекет социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана киреше салыгын жакшыраак көзөмөлдөө үчүн бардык эмгек акыларды накталай эмес төлөмгө өткөрүүнү пландоодо. 1-августтан тарта социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү кыскартылды. Эмгек маянаны накталай эмес төлөө конвертте айлык берүүнү кыскартууга жана экономикада ачык-айкындуулукту жогорулатууга жасалган кадам болуп саналат”, - дейт эксперт.
Чынында эле, Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2023-жылы накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү 2022-жылга салыштырмалуу 32,3%га өсүп, 14 трлн сомду түзгөн. Бирок, карталар менен иштөө бир топ жеңил болгонуна карабастан, компаниялар кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн.
“Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу ири шаарларда да юридикалык жак катары катталган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Алардын көпчүлүндө финансылык эсептин милдеттерин өзүнө ала турган кызматкерлер жок. Негизинен, бухгалтерлер алыстан иштешет жана отчетторду берүү менен гана алектенишет, бирок азыр кеңири эсепке алуу талап кылынат. Кадр маселеси дагы бир топ курч жана азыркы шартта негизги көйгөйлөрдүн бири”, - деп түшүндүрдү ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сармаметов.
Накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү айыл чарба жана курулуш сыяктуу тармактарда да кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Айыл чарбасында сезондук жумушчуларга акы төлөнөт, ал эми курулушта подрядчылар көбүнчө кыска мөөнөткө жалпы жумушчуларды жалдайт. Дайыма жаңы кызматкерлер үчүн эсептерди ачуу жана тиешелүү документтерди жана отчеттуулукту жүргүзүү бизнес үчүн олуттуу кыйынчылык болуп саналат.
Мыйзам долбооруна ылайык, накталай төлөмдөргө форс-мажордук жагдайлар, өзгөчө жагдай же өзгөчө кырдаал, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан каралган учурларда гана жол берилет. Мындан тышкары, өкмөт иштин айрым түрлөрү менен алектенген же айрым аймактарда иштеген иш берүүчүлөргө накталай төлөмдөрдү жүргүзүүгө уруксат берүүгө укуктуу.
Жаңы механизмдерди киргизүүнүн баштапкы этабында, албетте, кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, жакынкы келечекте бул системанын иштешин тактаган мыйзам алдындагы актылардын пайда болушун күтүшүбүз керек.