Жарыяланган
2024-30-10, 14:00Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
Кыргызстандын муфтияты шариатка ылайык депозит алдын ала кепилденген пайданын негизинде катардагы банкка салынса сүткорлук (риба) болорун, ал эми ислам принциптерине ылайык иштеген банкка салынса уруксат берилерин белгилейт. Демек, ислам депозит салууга каршы эмес. Бирок, мындай депозит салттуу (конвенциялык) депозиттен бир топ айырмаланат.
Дүйнөлүк тажрыйбада депозиттин салттуу да жана исламга ылайык түрү кеңири колдонулат. Бул инструмент мусулман өлкөлөрүндө гана эмес, батыш өлкөлөрүндө да өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө ислам финансы тармагы атаандаштыкка жөндөмдүү глобалдык ортомчулук механизмге айланды. Бул тармакты 75тен ашуун өлкөдө 300дөн ашык ислам каржы институттары ишке ашырууда жана анын активдери 2026-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 3,6 триллион долларга чейин жетери болжолдонууда.
Катардагы (салттуу батыш системасына ылайык) банктарга салынган депозит менен ислам принциптерине ылайык салынган депозиттин айырмасына келе турган болсок, салттуу банктар депозиттер боюнча үстөк пайыздарды алышат. Ал эми исламдык каржылоонун негизги принциптери пайыз түрүндөгү үлүштөрдү чегерүүгө тыюу салуу, тобокелдиктерге жана пайдага бирдей катышуу жана акча агымын реалдуу активдер менен камсыздоо болуп саналат. Ислам банктары келишимдер боюнча иштешет. Башкача айтканда, мында өнөктөштүк принциби үстөмдүк кылат. Долбоордон түшкөн пайданы да, чыгашаны да келишимдин шарттарына ылайык алдын ала макулдашууга ылайык ислам банкы жана кардар көтөрөт.
“Мисалы, катардагы банкка депозит салууда жылдык пайыз белгиленет. Бул 12%дан 15%га чейин болушу мүмкүн. Рынокто пайыздар ар түрдүү коюлган. Ал эми ислам принциптери боюнча иштеген банкка депозит салынса, аманатчы банк менен шерик болот, түшкөн пайданы эки тарап бөлүп алат. Эгер банк жакшы киреше тапса, ошону депозит салуучу менен тең өлчөмдө бөлүшүшү керек. Эки тарап салынган акчанын пайдасына да, зыянына да катышат. Бул жерде эч кимге алдын ала пайыздык үлүш кепилдик берилбейт. Башкача айтканда, банк менен кардардын алдын ала макулдашуусуна ылайык пайда бөлүштүрүлөт, бул пайыз балким 30/70, же 50/50 болушу ыктымал. Мында аманатчы менен банктын келишими, эки тараптын кызыкчылыгы эске алынат. Алсак, банк 100 миң сом тапса, эки тарап 50 миң сомдон бөлүшүп алгандай эле. Тараптар кандайдыр бир пайызга байланбайт.”, — дейт Ислам финансы адиси Талант Керимбаев.
Талант Керимбаев депозитке акча салууну каалагандар алгач депозиттин акчасын эмнеге жумшаарын, максатын тактап алса дейт. Антсе да, банктын кызматына кайрылуудан мурун, банк же кардар өз акчасын эмнеге жумшап жатканын карап чыгышы керек. Бул акча казино, кумар оюндарын өнүктүрүүгө, алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө жана башка тыюу салынган иш-аракеттерге жумшалбашы зарыл. Бул шариатка каршы келет.
Исламдык инвестициялык депозиттер үлүштүк фонддорго үстүртөн окшош болсо да (экөөнүн тең кирешелүүлүгү түздөн-түз кепилденбейт), биринчиси, экинчисинен айырмаланып, так структураланган тобокелдиктерди башкаруу системасы жана тобокелдиктин белгилүү стандарттары менен жөнгө салынат.
International Finance Corporation (Дүйнөлүк банк) баяндамасына ылайык Кыргызстандын калкынын 80%дан ашыгы ислам динин карманат. Диний ишенимден улам Кыргызстанда элдин депозитка акча салуу жана салттуу депозиттерди камсыздандыруу системаларынын ортосундагы айырмачылыктарды түшүнүүгө чоң кызыгуу жаралууда.
Кыргыз өкмөтү тарабынан 2009-2013-жылдары банктар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү аркылуу ченемдик укуктук чөйрөнү чыңдоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн. Бул түзөтүүлөр өлкөдө иштеп жаткан ислам банктарында Шариат кеңештерин түзүүгө, ошондой эле ислам принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүүнүн жол-жоболоруна тиешелүү жалпы жоболорду камтыган.
Улуттук банктын маалыматына ылайык азыркы учурда Кыргызстанда иш алып барган 23 коммерциялык банктын ичинен 5 банк ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.
“2023-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозиттик базасы 411,0 млрд сомду түздү. Ал эми ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоо портфели 6,2 миллиард сомду же банк секторунун кредит портфелинин 2,6%ын түзөт. Өз кезегинде, ислам каржылоо принциптери боюнча депозиттер 3,8 миллиард сомду же банк секторунун депозиттик портфелинин 0,9%ын түзөт.”, — деп белгилейт Улуттук банк.
Ислам принцибине ылайык Кыргызстанда депозиттин кандай түрлөрү бар экенин билүү үчүн Бишкектеги банктардын бирине кайрылдык. Кыргызстанда “Исламга ылайык депозиттин “Кард Хасан”, “Пайданы капиталдаштыруу менен Мудараба”, “Пайданы капиталдаштыруу жана толуктоо менен Мудараба”, “Чексиз Мудараба”, “Толуктоо менен чексиз мудараба” ж.б түрлөрү бар. Бул банктарга жараша айырмаланышы мүмкүн. Ар биринин өзүнүн өзгөчөлүгү жана шарттары бар. Депозиттин минималдуу суммасы 500 сомдон (доллар, рубль) башталат. Ал эми депозитке салынган акчаны толуктоо жана пайданы алуу боюнча депозиттер айырмаланат, ар биринин өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Мындан улам банктар, эгер көп акча салынса аны узак мөөнөткө салууну, эгер аз акча салына турган болсо ай сайын же жума сайын толуктап турууга кеңеш беришет. Банктар каражатты шариат уруксат берген бизнеске гана инвестициялай тургандыгына кепилдик берет.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттик кыргызстандыктардын депозиттери мамлекеттин коргоосунда экенин белгилейт. Өлкөдө иштеп жаткан бардык коммерциялык банктар өлкөнүн Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде жана Кыргызстандын депозиттерин коргоо системасына кирет. Анын ичинде ислам принцибине ылайык салынган депозиттер да мамлекет тарабынан коргоого алынган.
“Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги ислам каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттерди салттуу депозиттер сыяктуу эле шарттарда коргойт. Кепилденген учур келгенде депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо, ар бир аманатчыга 1 млн (1 000 000) сомдон ашык эмес кенемте (компенсация) төлөп берет.”, — деди Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин коомчулук менен иш алып баруу менеджери Аида Жумаканова.
Антсе да, Кыргыз Респубикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 15 жылдын ичинде Кыргызстанда бир дагы ислам принцибине ылайык салынган депозитке компенсация төлөбөгөнүн баса белгиледи. Бул ислам принциби менен иш жүргүзгөн банктардын туруктуулугун көрсөтөт.
Аида Жумаканова, бүгүнкү күндө өлкөдө ислам каржылоо принциптери боюнча банктык кызматтарды “ЭкоИсламикБанк” ЖАК, “Бакай Банк” ААК, “Коммерциялык Банк Кыргызстан” ААК, “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК көрсөтүп жатканын кошумчалап, алардан “ЭкоИсламикБанк” жана “Бакай Банк” ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттерди активдүү тартып жатканын тастыктады.
Ошондой эле, “Кыргызстан Коммерциялык Банкы” ААК, “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК ислам каржылоо принциптери боюнча депозиттерди тартууга лицензияга ээ жана жакынкы арада шариат стандарттарына ылайык депозиттерди кабыл ала баштайт.
“Ислам принциптерине ылайык депозит салууда жарандар алданып калбоо үчүн биринчиден, кардар кайрылган банкта Улуттук банктын ислам каржылоо принциптерине ылайык банк ишин жүргүзүү лицензиясы бар экендигине ынанышы керек. Эгерде кардар ислам каржылоо принциптерине ылайык талап кылынган эсепти ачууга ниеттенсе, бул “Кард Хасан” жана “Вади а Йад Дамана” эсеби, эгерде мөөнөттүк инвестициялык депозитти кааласа, анда “Мудараба” депозитин ачса болот” — деп эскертти Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин коомчулук менен иш алып баруу менеджери Аида Жумаканова.
Жогоруда белгилегендей, Улуттук банк тарабынан берилген ислам каржылоо принциптерине ылайык банктык кызмат көрсөтүү лицензиясына ээ болгон коммерциялык банктар: “ЭкоИсламикбанк”, “Кыргызстан Коммерциялык Банкы” ААК, “РСК Банк” ААК, “Айыл Банк” ААК “Ислам терезеси” бар.
Аида Жумаканованын айтымында, ислам каржылоо принциптерине ылайык кабыл алынган депозиттердин топтолгон салымдарынын бош каражаттарын инвестициялоо үчүн агенттик мамлекеттик ислам баалуу кагаздар (эгемен сукук) түрүндөгү финансылык инструменттерди чыгарылышына муктаж. Мындан улам, учурда агенттик ушул багытта жигердүү иш алып барууда.
Жыйынтыктап айтканда, ислам киреше табууга каршы эмес, бирок бизнес жүргүзүүдө шариатка дал келбеген ишмердүүлүккө тыюу салат.