Фишинг - бул колдонуучунун логини, сыр сөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздөгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө email же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт.
Балада канчалык эрте каржылык сабаттуулук, же жөнөкөй сөз менен айтканда акча тууралуу түшүнүк калыптанса, ошончолук жакшы. Бул учурда бала чыгашаларды пландаштырууну жана үнөмдөөнү, өз алдынча каржылык чечимдерди кабыл алууну жана убактысын жана ресурстарын баалаганды үйрөнөт.
Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
Финансист Айсулуу Алмаз учурда Канаданын Монреаль шаарында эл аралык укук жана финансы кызматтарын көрсөткөн “Maples Group” компаниясында финансы менежери болуп иштейт. Бул кызматка чейин ал дүйнөдөгү эң чоң аудит фирмаларынын бири “Pricewaterhouse Coopers” компаниясынын Стамбулдагы кеңсесинде үч жыл жана Торонтодогу кеңсесинде төрт жыл иштеген.
Жумуш биздин жашообуздун маанилүү бөлүгү. Мамлекеттик, же менчик ишкана болсун күнүгө 8 сааттык убактыбызды жумушка арнайбыз. Жумуш бизди бактылуу кылабы? Аны эмне маанилүү жана маңыздуу кылат?
Көбүнчө “аң сезимдүү керектөө” түшүнүгү экология жана айлана-чөйрөгө гумандуу мамиле менен байланыштуу. Алсак, суу жана электр энергияны ысырап кылбоо, желим баштыктарды сатып албоо, таштандыларды иргөө. Бирок аң сезимдүү керектөө ар кандай ресурстарга, анын ичинде “каржыга кам көрүү” дегенди да билдирет.
Акчаңызды байкабай айрып, же кийим менен кошо кир жуучу машинага салган учуруңуз болду беле? Дегеле, акчага тиешелүү ар түрдүү учурлар болбой койбойт. Суу болот, чети кертилет, май, боек төгүлөт, тешилет. Мындай учурда акча жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу мүмкүн.
“Каржылык эркиндик”, “коопсуздук жаздыкчасы” жана “каржылык сабаттуулук” түшүнүктөрү көп талкууланган азыркы заманда баланын келечегине депозит салуу заман талабы болууда. Бул тууралуу ата-эне болгон ар бир үй-бүлө ойлонсо керек.