akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-10, 15:43

    Күйгөн же айрылган акчаны кайсы мекемеге өткөрүү керек?

    Акчаңызды байкабай айрып, же кийим менен кошо кир жуучу машинага салган учуруңуз болду беле? Дегеле, акчага тиешелүү ар түрдүү учурлар болбой койбойт. Суу болот, чети кертилет, май, боек төгүлөт, тешилет, эскирет. Мындай учурда акча жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу мүмкүн. 

    Жакында эле биздин редакциябызга акча банкнотуна байланыштуу эки ата-эне байланышты. Экөөсүнүн тең балдары акчаны жарактан чыгарышкан. Алардын бирөөсүнүн кызы 5 миң сомду экиге бөлүп, айрылган бир бөлүгү жоголуп кеткен. Экинчи байланышка чыккан адамдын баласы 100 миң сомду жарым-жартылай күйгүзүп салган. Ата-энелер бул акчаларды кайсы мекемеге өткөрүү керектигин сурап, байланышка чыгышты. “Акчабар” бул маселе боюнча Улуттук банкка кайрылды.  

    Банкнот кайсы учурда жараксыз болуп саналат?

    Улуттук банкноттордун жана монеталардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобого ылайык, өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ (анын ичинде жүгүртүүдөн алынуучулар), жасалма белгилерин камтыбаган, зыян келтирилбеген, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкноттор жана монеталар Кыргызстандын төлөө күчүндөгү банкноттору жана монеталары болуп саналат:

    • кир чалган, эскирген, айрылган, сүрүлүп калган, көзөнөкчө болуп бир аз тешилген, четтерине жазылып, так түшкөн, штамптардын оттисктери коюлган, бурчу, чети тытылган, жуулган, күйүп кеткен, бирок банкноттун аянтынын 50 пайызынан көбү сакталып калган банкноттор;  
    • айрым бир зыянга учураганы менен алдынкы, арткы бетиндеги (аверс/реверс) сүрөттөлүштөрү жана баштапкы калыбы жана салмагынын кеминде 80 пайыздан сакталып калган монеталар. 

    "Жогоруда көрсөтүлгөн дефекттер банкнотада/монетада болсо, мындай банкноталар жана монеталар эскилиги жеткен, жараксыз жана өзүнүн жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготкон банкноталар/монеталар болуп саналат". 

    Эскилиги жеткен жана жараксыз болгон банкнотторду (кир чалган, эскирген, айрылган, сүрүлүп калган, көзөнөкчө болуп бир аз тешилген, четтерине жазылып, так түшкөн, штамптардын оттисктери коюлган, бурчу, чети тытылган, жуулган, күйүп кеткен, бирок банкноттун аянтынын 50 пайызынан көбү сакталып калган банкноттор) Улуттук банк эч тоскоолдуксуз жана акысыз алмаштырып берет. 

    Улуттук валютаны алмаштыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

    • банкноттун аянтынын 50%дан ашыгын сактап калган банкноттор банкноттун номиналынын 100 пайызына алмаштырылат. 

    Ал эми жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон банкноттор: 

    олуттуу фрагментин жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде 51%ы сакталып калган банкноттор;  
    бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 51%ын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор;  
    түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор; 

    даярдалып жатканда жараксыз болуп, жүгүртүүгө чыкса; 
    укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер. 
    банкноттун аянтынын 50%ын сактап калган банкноттор, банкноттун номиналынын 50 пайызына алмаштырылат, эгерде: 

    Жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, баштапкы аянтынын 50%ын сактап калган (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) банкноттордун номиналынан 50 пайыз суммасында кайрылып берилет. 

    Анык банкноттордун эки же андан көп бөлүгү айрылып кайра чапталган банкноттор, банкноттун фрагменттеринде сериялык номери, ошондой эле айрылып кайра чапталган бөлүктөрү талашсыз туура келсе, б.а. фрагменттердин бир эле банкнотторго туура келүүсү шартында, фрагменттердин жалпы аянтынан келип чыккан жогоруда аталган нормаларга ылайык алмаштырылат. Эгерде банкнотанын кайсыл бир бөлүгү ар кайсы банкноттордун бөлүгүнөн түзүлүп 50%дан ашыкты түзгөн болсо, анда бул бөлүк өзүнчө же башка банкнота катары каралат. 

    “Эскилиги жеткен жана жараксыз болгон банкнотторунун экспертизасы 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт”.

    Эскилиги жеткен жана жараксыз болгон банкноттун аянтынын 80%ынан көбү сакталып калган болсо, аларды Кыргызстандын аймагындагы коммерциялык банктар эч тоскоолдуксуз жана акысыз алмаштырып берет.  

    Банкнот жасалма болбошу керек 

    Жасалма экендигин көрсөткөн белгилерди камтыбаган, төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон банкнотторду алмаштырууга болот:  

    фрагменттерин негизинен жоготкон (анын ичинде күйүп калган, мүнөздөмөлөрүн жоготууга алып келген таасирлерге туш болгон, эскилиги жеткен) бирок аянтынын кеминде 80 пайызы сакталып калган банкноттор;

    • бир банкнотко тиешелүү болгон бир же бир нече фрагменттерди чаптоо аркылуу (фрагменттердин санын эсепке албаганда) банкноттун баштапкы аянтынын кеминде 80 пайызын түзгөндөй болуп кураштырылган банкноттор;  
    түсү өзгөргөн, бирок жарыкка салып кароодо сүрөттөлүштөрү так көрүнгөн банкноттор;  
    даярдоочунун бракка жол берүүсү.  

    Ошондой эле, жасалма экендигин көрсөткөн белгилер камтылбаган, бирок төмөнкүдөй жагдайларга дуушар болгон монеталар:

    баштапкы формасынын өзгөрүшү (ийилип, мыйрыйган, өгөлгөн), бирок аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүшү сакталган;

    жогорку температуранын жана башка алардын өзгөрүшүнө түрткү берген кесепеттүү жагдайлардын таасири (эритилген, оюлуп калган, түсүн өзгөрткөн);

    даярдалып жатканда жараксыз болуп чыккан. 

    “Коммерциялык банктар, эгерде аныктыгы эч кандай шектенүүнү туудурбаса эскилиги жеткен жана жараксыз болгон банкнотторду түздөн-түз кабыл алгандан кийин жарактуу бир банкноттун эквиваленттүү (алмаштырылган) суммасын жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүү аркылуу, же коммерциялык банкта ачылган банк эсебине чегерүү жолу аркылуу алмаштырууга милдеттүү. Эгерде банкнот шектенүүнү жаратса, анда мындай банкноттор Улуттук банкка экспертизага жөнөтүлүп, Улуттук банк аларды алмаштырган учурда гана алмаштырылат”, - деп белгилейт Улуттук банк.


    Тектеш материалды окуу