akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-31-10, 12:48

    Бала менен акча тууралуу кантип сүйлөшүү керек?

    Балада канчалык эрте каржылык сабаттуулук, же жөнөкөй сөз менен айтканда акча тууралуу түшүнүк калыптанса, ошончолук жакшы. Бул учурда бала чыгашаларды пландаштырууну жана үнөмдөөнү, өз алдынча каржылык чечимдерди кабыл алууну жана убактысын жана ресурстарын баалаганды үйрөнөт. Баланын биринчи максаты оюнчук сатып алуу болсо да, ал аны өзү сатып алууга канча акча керектигин билет. Эң негизгиси акча асмандан түшпөй турганын түшүнөт. Бул баланы чоң турмушка даярдоодо каржылык сабаттуулуктун башталышы болот. Бала менен акча тууралуу сүйлөшүүнүн маанилүүлүгүн “Акчабарга” экономика илимдеринин кандидаты, доцент, бизнес-тренер Башарат Молдокулова айтып берди. 

    Финансылык жактан балдарга туура тарбия берүү маанилүү

    Молдокулованын айтымында, үй-бүлөдө ата-эне кечки тамак учурунда балдар менен баарлашып, акча тууралуу да маектешиши керек. Мисалы, акча эмнеге жумшалып жатат, үйгө эмне, же кандай товар сатып алуу пландалууда, акча каяктан келет, аны ким табат деген  теманын алкагында балдарга маалымат бериши керек. 

    "Көпчүлүк балдар финансылык сабаттуулук боюнча билишпейт. Ата-энелер супермаркет же дүкөнгө барып, баланын каалаган буюмун же татуусун алып кете берет. Мындан улам балада акча кайдан келери тууралуу түшүнүк болбой калат. Накталай акчаны көрбөгөн, билбеген балдар да бар. Ата-энелер баланы эртең менен мектептен алып кетет, кечкисин алып кетет. Бардык каалаганын алып бергендиктен балада акча жөнүндө түшүнүк болбой калып жатат. Аны иштеп табыш керек экендиги, акча жөн жерден келбей тургандыгын ата эне балага кенедейинен айтышы керек. Балдар акчаны “сыйкырдуу карта” деп ойлошот экен. Ошондуктан, бардык нерсе үй-бүлөдөн башталгандай эле финансылык тарбия да үй-бүлөдон башталат", - дейт адис. 

    Ошондой эле, ал ата-энелер балдарына финансылык тарбия берип, каржылык сабаттуулук боюнча балдарына китеп окуп бериши керектигин белгилейт.  

    "Балдарга акчаны берип, көндүрү керек. Балага күнүгө жол акысын, жеген тамагына акча  берип туруу керек. Ошол акчаны бала туура колдонушу зарыл. Бир күндө берген акчанын баарын колдонуп салса, анда жакшылып түшүндүрүү зарыл. Кайра эртеси күнү берген акчаны арттырып келсе, үстүнө акча кошуп берем деп түшүндүрүү керек. Бала ошондо акчага болгон мамилесин өзгөртөт. Сөзсүз түрдө балага акча чогултуучу куту алып бериш керек, арткан акчасынын баарын ошого салсын. Чогулган акчага өзүнүн каалаган нерсесин алса балада акча чогултуу көндүмү калыптанат”, - деп кошумчалады Молдокулова.  

    Экономика илимдеринин кандидаты Башарат Молдокулова балага эки акча чогултуучу куту ачууну сунуштайт. Биринчиси, баланын кыял максаты үчүн болсо, экинчиси, кайрымдуулук үчүн. Ошол акча көбөйгөндө бала өз колу менен кыйналган бирөөгө жардам бериши керектигин сунуштайт. Адис бул учурда бала кичинесинен тарта кыйналган бирөөгө жардам берүү керектигин билип, тарбияланарын, мындай тарбия көргөн бала келечекте жакшы инсан болуп чыгарын баса белгилейт. 

    “Акча адамды бузат, акча баламды бузат" деген туура эмес түшүнүктөн алыс болуу керек. Акча эч качан адамды бузбайт. Эгер адам акчага туура мамиле кылганды билсе, финансылык жактан сабаттуу болсо адам бузулбайт. Эгер адам акчасы болуп бузулуп, же манчыркап кетсе, бул акчанын көптүгүнөн эмес, ал адамдын дээринен”, - деди ал.


    Тектеш материалды окуу