akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2024-04-10, 14:48

    Кайсы банктардан балага депозит ачса болот?

    “Каржылык эркиндик”, “коопсуздук жаздыкчасы” жана “каржылык сабаттуулук” түшүнүктөрү көп талкууланган азыркы заманда баланын келечегине депозит салуу заман талабы болууда. Бул тууралуу ата-эне болгон ар бир үй-бүлө ойлонсо керек.

    Учурда Кыргызстанда 21 коммерциялык банк кызмат көрсөтөт. Дээрлик ар биринде депозит продуктулары бар. Бирок, бардык банкта балага эсеп ачуу кызматы жок. Бул макалада “Акчабар” кайсы банктарда балага депозит ачууга болоруна саресеп салды.

    Эскертүү: Бул макала кайсы бир банкты жарнамалоону көздөбөйт.

    KICB балдарга депозит салууда “Бирге өсөбүз” аманатын сунуштайт. Мында аманат боюнча жылдык пайыздык чен  сом менен 24 айга 12,5%, 36 айга 13,0%, 48 айга 13,5% жана 60 айга 14%ды түзөт. Ал эми натыйжалуу пайыздык чендер тиешелүүлүгүнө жараша 13,24%, 13,8%, 14,36% жана 14 %га 14,93%ды түзөт.

    Аманаттын шарттары эң минималдуу 5 миң сомдон (50$) башталат. Алгачкы салымдын максималдуу суммасы 1000 000 сом же 10000 $, ал эми бир жолу толуктоонун минималдуу суммасы 1000 сом (10$). Ай сайын төлөнүүчү төгүмдөрдүн максималдуу суммасы 1000 000 сом же 10 миң долларды түзөт. Белгилеп кетсек, аманатты онлайн ачууга мүмкүн, же болбосо банктын каалаган филиалынын ачууга болот.

    “Элдик банк” балдар үчүн 18 жылдык мөөнөткө “Балакай” аманатын сунуштайт. Бул аманаттын түрүндө пайыздык чен жылына 11%га чейин, депозиттин суммасын ай сайын толуктоого болот. Минималдуу кошумча депозит каалаган убакта 1000 сомдон (же 20$) болушу керек. Минималдуу баштапкы депозиттин суммасы 5000 миң сомду (100$) түзөт. Пайыздык чегерүү күнүмдүк, жылдык капиталдаштыруу менен.  

    Аманаттын шарттары сом менен 3 жылга 9,00%, 4 жылга 9,50%, 5 жыл 10,00%, 5+ 11,00%. Эффективдүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 9,80%, 10,90%, 12,20%, 14,50%. Депозитти “Элдик банктын” каалаган филиалынан ачууга болот. 

    “Оптима банкта” “Балдардын кирешеси” аттуу депозиттик продукт бар. Аманат 2 жаштан 14 жашка чейинки узак мөөнөттүү депозит болуп саналат. Депозит сом менен жылына 9,5%ды түзөт, депозиттин мөөнөтү 168 айга чейин.

    Депозиттин шартттары аманаттын минималдуу суммасы 1000 сом, ай сайын толуктаса болот, ал эми жарым-жартылай алуу жок. Пайыздар мөөнөттүн аягында төлөнөт. Кошумча салымдар белгиленген мөөнөткө бир жыл калганда жабылат, акча каражаттарын жарым-жартылай алуу жана автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Келишим аманатчынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, сый акы өзүнчө пайыздык схема боюнча төлөнөт.    

    “Бакай банк” “Балдар үчүн” депозитин сунуштайт. Мында пайыздык чен 12,0%, ай сайын кошумча акча салууга болот. Ошондой эле, келишимди мөөнөтүнөн мурун бузууга болот. Пайыздар капиталдаштырылат. Депозиттин минималдуу мөөнөтү 24 ай жана андан ары, минималдуу сумма 5000 сом (100$/EUR). Кошумча салынуучу каражаттын минималдуу суммасы 1000 сом, (20 $/EUR). Аманаттын суммасы белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийинки күнү кайтарылып берилет.

    Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 12,36% башталат, доллар менен 2,01%, евро 2,01% башталат. 

    “Халык банк Кыргызстан” 16 жашка чейинки балдар үчүн “Halyk – Балдарга” депозиттик продуктусун сунуштайт. Анын мөөнөтү 12 айдан тарта 60 ай же андан жогору. Пайыздык чендер сом менен 12 айга 10%, 18 айга 11%, 24, 36, 48 айга 12% жана 60 ай же андан жогору 14%. Ай сайын кошумча акча салууга болот, анын суммасы 100 сомдон башталат, доллар менен 100 $. Бөлүп алуу жок. Депозитти ачууда минималдуу сумма - 1000 сом / 100$.  

    “Айыл банк” “Наристе” балдар депозитин сунуштайт. Аманат баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөндө ачылат. Депозиттин минималдуу суммасы 1000 сом (20$).  Кошумча төгүмдөр жана алар боюнча чектемелер 10 млн сомдон ашык эмес (2000$) келишимдин мөөнөтүнүн аралыгында.Кошумча төгүмдөрдүн кабыл алуусу депозиттик Келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 60 күн мурда токтотулат. Пайыздар мөөнөт аяктагандан кийин төлөнүп берилет. Пайыздарды капиталдаштыруу 12 ай үчүн эсептелген пайыздар салымдын негизги суммасына кошулат. Депозит жарым жартылай төлөнүп берилбейт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууда, пайыздарды төлөп берүү мөөнөтүнүн 1/2 аяктагандан кийинки учурда, сый акынын 50% төлөнөт (капиталдаштырылган % кайра эсептелбейт). Максималдуу эффективдүү пайыздык чен сом менен 15,14% га чейин доллар менен 2,06%га чейин.

    “Азия банкы” “Азия - Балдар кыялы” аманатын сунуштайт. Депозит 14 жашка чейинки баланын атына ачылат. Аманат ачуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүү керек. Депозиттин мөөнөтү 24 төн 60 айга чейин. Баштапкы салымдын минималдуу суммасы 5000 сом (100$). Депозитти ай сайын толуктоого болот, суммасы баштапкы салымдын суммасынан көп эмес болушу керек. Пайыздар салымдын мөөнөтүнүн аягында негизги сумма менен чогуу төлөнөт. Каражатты бөлүп алуу болбойт. Пайыздар ай сайын капиталдаштырылат. Эффективдүү пайыздык чен сом менен – 11,02% дан 11% га чейин.

    “Бай-Түшүм” банкыЧоң болуп өскүн” аманатын сунуштайт. Баштапкы минималдуу сумма 1000 сомдон (50 $, 50 евро) башталат. Максималдуу сумма 3 миллион сом (40 000 $, 35 000 евро). Ай сайын депозитти толуктоонун минималдуу суммасы 500 сом (10 $,10 евро). Аманаттын максималдуу суммасы 3 миллион сом (40 000 $, 35 миң евро). – Пайыздар аманаттын мөөнөтү аяктаган кезде төлөнүп берилет. Жарым-жартылай чыгарып алуу мүмкүндүгү каралган эмес. 1/2 мөөнөтү өткөндөн кийин, сыйакынын 50% төлөнөт. 1/2 мөөнөтү өткөнгө чейин, талап кылганга чейинки аманаттын (депозиттин) пайыздык чени боюнча төлөнөт, автоматтык түрдө узартылат.

    “Чоң болуп өскүн” 18 жашка чейинки баланын атына ата-энесинин биринин паспорту боюнча ачылат. 18 жашка чейин эсепти баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү көзөмөлдөйт. Бирок 14 жаштан тартып бала өз аманатын өз алдынча башкара алат.  
    Депозиттин пайыздык чени 12 айга 13%, 18 айга 13,5%, 24 айга 13,5%, 36 айга 13,5%ды түзөт.

    “Финка банктан” дагы балага депозит ачууга болот. Аманаттын баштапкы суммасы 1000 сом (20$). Депозиттин мөөнөтү 6 айдан 36 айга чейин. Баштапкы төгүмдүн максималдуу лимити – 700 000 сом (10 000$). Толуктоонун максималдуу лимити 70 000 сом (1 000$). Аманат жыл сайын өсөт, пайыздык капиталдаштыруу 365 күнгө ачылган депозиттер үчүн жылына бир жолу болот, бул туруктуу финансылык прогрессти камсыз кылат. Жарым-жартылай алууга тыюу салынат. Жылдык пайыз: 8%. Мөөнөт аяктагандан кийинки сумма: 1,039.23 сом, пайыздан түшкөн киреше 39.23 сом.

    "Демир банк" "Менин балам" депозитин сунуштайт. 14 жашка чейинки балдар үчүн ачылат. Депозиттин минималдуу суммасы 100 доллар же башка валютадагы эквиваленти, минималдуу бир жолку толуктоо суммасы 50$ же башка валютадагы эквивалентти түзөт. Пайыздык чен сом менен 24 айдан 11,5%, 36 айдан 48 айга чейин 12%, 48 айдан 60 айга чейин 12,5%.  Календардык жыл ичинде толуктоонун максималдуу суммасы 12,000$ же башка валютадагы эквивалентти түзөт. Аманат боюнча кошумча суммаларды төлөө депозиттин мөөнөтү аяктаганга чейин 12 айдан кечиктирбестен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

    Эскерте кетсек, өлкөнүн Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги кепилдик учур келгенде ар бир аманатчыга 1 млн сомдон ашпаган сумманы төлөп берет. 


    Тектеш материалды окуу

    • Адал акча. Ислам дини шариатка ылайык депозит салууга каршы эмес
      Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
      2024-30-10 08:00:56
    • Кайсы банктардан балага депозит ачса болот?
      “Каржылык эркиндик”, “коопсуздук жаздыкчасы” жана “каржылык сабаттуулук” түшүнүктөрү көп талкууланган азыркы заманда баланын келечегине депозит салуу заман талабы болууда. Бул тууралуу ата-эне болгон ар бир үй-бүлө ойлонсо керек.
      2024-04-10 08:48:26