Жарыяланган
2024-30-10, 12:42Финансист Айсулуу Алмаз учурда Канаданын Монреаль шаарында эл аралык укук жана финансы кызматтарын көрсөткөн “Maples Group” компаниясында финансы менежери болуп иштейт. Бул кызматка чейин ал дүйнөдөгү эң чоң аудит фирмаларынын бири “Pricewaterhouse Coopers” компаниясынын Стамбулдагы кеңсесинде үч жыл жана Торонтодогу кеңсесинде төрт жыл иштеген. Кыргызстанда эл аралык Ала-Тоо университетин аяктаган мекендешибиз Бишкекте да аудиттик фирмада эмгектенген. Айсулуу Алмаз үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси. Жумуштан тышкары социалдык тармактарда кыз келиндердин өсүп-өнүгүүсү боюнча блог жазат.
“Акчабар” эл аралык финансылык компанияда тажрыйбалуу адис Айсулуу Алмаз менен корпоративдик маданият, жумуш ордундагы эмоционалдык интеллект жана эмоционалдык жактан күйүп кетүү темаларында маектешти.
Саламатсыздарбы. Мен иштеген фирма эл аралык укук жана финансы тармагында кызмат көрсөтөт. “Maples Group” компаниясынын дүйнөлүк финансы бөлүмүндө иштейм. Биздин алдыбызда дүйнө жүзүндө түрдүү 50гө жакын фирма бар. Ошолордун айлык, чейректик жана жылдык баяндамаларын жасайбыз. Менин командамда беш киши бар. Бешөөбүз Монреалдагы кеңседе жайгашканбыз. Дүйнөнүн ар бир бурчундагы кесиптештер менен иштеп, ошол 50 фирманын баяндамаларын чогултуп, анализдерди жасайбыз. Фирмалардын жылдык бюджетин түзөбүз.
Мен айылда чоңоюп, айылдык мектепти эле бүтүргөм. Университетке тапшырып жатканда кайсы жерде болбосун, жумуш бар деген ойдо финансы тармагына тапшыргам. 2011-2012-жылдары Малайзияга алмашуу программасы менен барып, ал жактан аудиторлук кесип бар экенин үйрөнгөм.
Тышкы аудиторлор уюмдардын финансылык абалына жана ачык-айкындуулугуна көз карандысыз баа беришет. Каржылык баяндамаларда ката же алдамчылык иштер болуп- болбогонун ырастайт. Финансылык отчеттордо жана ачыктоодо олуттуу бурмалоолор жок экендигине кепилдик берүү үчүн компаниялар тышкы аудиторлорду жалдайт.
Ушул кесип мага аябай жаккан. Бишкекте 4-курста окуп жатканда өзүнүн аудит фирмасы бар ишкер бизге мугалим болуп келип, кызыгуумду көрүп өзүнүн фирмасына чакырып калды. Төрт айлык стажировкадан кийин толук кандуу аудитор катары жумушка киргем.
Менин жумуштагы эмоционалдык жетилүүм үч тепкичтен турду. Бишкекте аудитор болуп иштеп жүргөндө ишканалардын финансы директорлору менен түзмө-түз иштеп, аларды текшерчүбүз. Бишкекте мага карата 19-20 жаштагы кыз эмнени билмек эле дегендей мамиле жасашчу. Мен ошондой мамилени такыр жактырчу эмесмин. Себеби, ал менин кесибим. Жумушумду гана жасап, мага берилген баяндамаларды текшерип кетип калам. Өзгөчө улуу бухгалтер эжелердин жасаган мамилелери абдан жаккан эмес. Андан кийин Түркияга барганда ал жакта такыр башкача маданият экен. Аудиторду аябай сыйлашып, менин атымды толук айта албай “Айсу айым” дешчү. Бишкектен келгенден кийин менде чоң трансформация болду. Стамбулдагы иш жеримде бири бирине сен деп кайрылган маданият калыптаныптыр. Бизден 30 жаш улуу устаттарды да сен деп айтчубуз. Бул улуу менен кичүүнүн ортосундагы иерархияны жоюу максатында экен. Мен абдан шок болгом. Анткени мен өзүмдөн 2-3 жаш улуу болсо да сен деп көргөн эмесмин. Көнүүгө бир нече ай кеткен.
Ал эми Канадага келгенде жергиликтүү элдин эмоционалдык жактан абдан жетилгенин көрдүм. Канадада улуусуңбу же кичүүсүңбү, кайсы өлкөдөн келгенсиң, кандай диндесиң, жоолук салынасыңбы же салынбайсыңбы кандай диндесиң жана тилдик акцентиңе карабай сени адам жана адис катары сыйлашат. Бул менин адис жана адам катары өсүүмө чоң жардам берди.
Мисалы, ортодо жумушка байланыштуу пикир келишпестик болуп, ал адамды экинчи көргүң келбей калса да жумуш бүткөндөн кийин кофе ичесиңби же чай ичесиңби деп сурашат. Демек, ушунчалык жумуш менен адамдык мамилени бөлгөн аябай жакшы маданият бар экен.
Көбүбүз жеке жашоо менен корпоративдик дүйнөнү айырмалай албайбыз. Бул жаатта биздин маданият менен түрктөрдүн маданияты абдан окшош. Адамга абдан жакын болобуз, жумушта жеке жашообуздун баарын талкуулайбыз. Жумушта да түрдүү учурлар болот. Мисалы, менин алдымда аналисттер иштешет. Алар менен дос же жакын мамиледе сүйлөшүп, кайра аларга тапшырма берсем эркелеп аткарбай койгон учурлар болуп калышы мүмкүн. Канадылыктар жумуш менен жеке жашоону эң сонун айырмалай алышат. Жумуштагы көйгөйлөрдү үйүнө алып барбайт жана үйдөгү көйгөйдү жумушка алып келбейт. Бул эмоционалдык жактан өтө жетилгендиктин белгиси. Жумушка жоопкерчиликти алган адистердин коому ушундай.
Учурунда менин жашоом жумуш болчу. Аудитте алгачкы 3-4 жыл абдан катуу, күнүнө 14-15 саат иштешиң керек. Чынын айтканда, жеке жашооңо жана хоббиңе убакыт болбойт. Мен да ошол нерсеге абдан берилип кетиптирмин. Жумушта бир нерсе мен каалагандай болуп калса, менталдык абалым катуу жабыркаган учурлар болду. Кош бойлуу учурумда эки ай тыныгуу алганга туура келди. Себеби, стресстен улам иштей албай калдым. Көрсө кызыкчылыктарым менен жумушту чогуу алып кеткенди билбепмин. Жумуштан башка эч нерсем жок экен. Ошондон кийин жеке блогумду баштадым. Жумуш менин күнүмдүк жашоомдун 7-8 саатын эле ээлеп калды. Жеке кызыкчылыктарымды жасап, үй-бүлөмө көңул буруп, жумуш менен жашоонун балансын таптым.
Баары айланып келип адамдын өзүн таануусуна келип такалат. Кайсы кесиптин ээси болбосун ар бир адам өзүн тааныганга аракет кылыш керек. Бизде коомго жагыш үчүн “эго” деген нерсе бар. Өзүбүз үчүн эмес, эл үчүн кийип алган бет капты чечишибиз керек. Ошол талаптарга жооп бере албай баштаганда ичибизде конфликт башталат. Эмоционалдык жактан жетилбесең, ошол бет кап менен жашаганга дайыма ыктай берет экенсиң. Ар бир адам өзүнүн нукуралуулугун сыртка алып чыгууга аракет кылышы керек. Мага ошол жардам берди. Мен канчалык кыргыз экенимди таанып, өзүмдү тааный баштаганда баалуулуктарымды иргей баштадым. Бул нерсени түшүнгөндөн кийин кадимкидей мен жетилип баштадым. Мени эч ким мурункудай таарынта албай калды. Жок дегенди үйрөндүм, өзүмө ишенич пайда болду. Бул көп тармактан турган компоненттер. Ошол эле учурда жеке жашоомдун өзгөрүшүнө да таасирин тийгизди. Туугандар менен мамилемдин өзгөрүшүнө да таасир этти. Алгач адам өзгөрсө, андан соң тегерегиндегилер да өзгөрө баштайт. Андан кийин мыкты адис болгонго да мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Адам өзүнүн дараметин билип, ошого жараша жумушту алганы оң. Мен жөнүндө жаман ойлоп калат, таарынат деген ойлордон арылыш керек. Эгер жетишпей жатса айта билип, дем алыш күнү иштей албайм деп айтканды үйрөнүш керек. Бул абдан керектүү сапат. Бул жумушта эле эмес, жеке жашоода да абдан керектүү сапат. Ошондой эле, жумуштан сырткары жеке жашоосун курганы аракет кылышы керек. Эң жөнөкөй жеке хоббилериң болушу керек. Жумуш жашооңдо эң негизги нерселердин бири, бирок ал бардыгы болбош керек. Жумуш жашоонун 50%ын алса, калган 50%ын башка жеке кызыкчылыктарга, хоббилерге жумшаш керек.