Жарыяланган
2024-29-10, 12:08Көбүнчө “аң сезимдүү керектөө” түшүнүгү экология жана айлана-чөйрөгө гумандуу мамиле менен байланыштуу. Алсак, суу жана электр энергияны ысырап кылбоо, желим баштыктарды сатып албоо, таштандыларды иргөө. Бирок аң сезимдүү керектөө ар кандай ресурстарга, анын ичинде “каржыга кам көрүү” дегенди да билдирет.
Аң сезимдүү керектөө - негизги заманбап тенденциялардын бири. 2017-жылы америкалык Ричард Талер жүрүм-турум экономикасы жаатындагы изилдөөлөрү үчүн экономика боюнча Нобель сыйлыгын алган. Жүрүм-турум экономикасы адамдардын акчаны кантип сарптоосу, аны үнөмдөөсү же чоң суммаларды сарптоого эмне түрткү берерин изилдөөчү илим. Тактап айтканда, эмне үчүн кээ бирөөлөр жарнамаларга азгырылбайт, ал эми башкалары азгырыларын талдайт. Жүрүм-турум экономикасы адамдарга акчаны аң-сезимдүү жана эстүүлүк менен сарптоого жардам берет.
Импульсивдүү сатып алуулар аң сезимдүү сатып алуунун негизги душманы. Көптөгөн сатып алууларды биз пландабастан жасайбыз, бизге эмне жакса дароо ошол жерден сатып алууга ашыгабыз. Же болбосо арзандатылып сатылып жаткан товардын баасы кызыктырат. Эгер сатып алууларды көзөмөлдөсөңүз, мындай чыгымдарга учурабайсыз.
— Бул учурда “кийинкиге калтыруу” ыкмасын тандап көрүңүз. Дүкөндө сизге жаккан көйнөктү кийип көрүп, бирок аны сатып албастан үйгө же жумушка барыңыз. Бир нече убакыт өткөндөн кийин аны сатып алуунун кереги барбы же жокпу деген суроого жооп табасыз.
— Тизме түзүңүз. Дүкөнгө же базарга барарда эмне сатып ала турганыңызды алдын ала жазып алыңыз жана ошого жете тургандай гана акча алыңыз. Мындай ыкма керексиз товар, же азык-түлүк сатып алуунун алдын алат. Адистер, банк карталарын үйгө калтырып коюуну сунушташат.
Ошондой эле, күн сайын дүкөнгө барганда жаңы пластик баштыгын албай, үйдөн материалдан жасалган баштыкты ала барыңыз. Же болбосо жай мезгилинде күн сайын суу сатып албастан, жаныңызга үйдөн куюп алган сууңузду ала жүрсөңүз болот.
Адамга 100дөн ашык нерсе керек эмес деген теория бар. Америкалык Дэйв Бруно 100 гана жеке буюму менен бир жыл жашаган. Анын 100 Things Challenge ыкмасынын негизги идеясы - жүздөн ашык нерсеге ээлик кылуудан сактануу, калганын сатуу, берүү же ыргытуу. Балким, 100 нерсе керексиз катуу чектөө болушу мүмкүн. Бирок, адистер каржылык жүрүм-турумуңузду кайра карап чыгып, кереги жок нерсеге акча коротууну токтотушуңуз керектигин белгилешет.
Маркетологдор түрдүү ыкмалар менен кардарлардын көбүрөөк товар сатып алуусун мажбурлайт. Маркетингдик азгырыктарга алданбоо үчүн төмөнкү ыкмаларды эстеп калуу маанилүү:
- Дүкөндө төмөндө жана жогоруда жайгашкан текчелерди караңыз. Супермаркеттерде көп учурда адамдын бою менен көкүрөк деңгээлинде, болжол менен бир жарым метр бийиктикте тизилген товарлар эң көп сатылат. Бул жерде продукт мыкты көрүнүп турат жана кабыл алууга ыңгайлуу. Бирок, кардар башка текчелерден сапаты начар эмес, бирок арзан баада продуктуну таба алат.
— Себетке эмне керек болсо, ошону гана салыңыз. Чоң дүкөндөрдө сүт, нан жана эт сатылуучу бөлүмдөр дүкөндүн ар кайсы четинде жайгашкандыктан, кардарлар ичин кыдырып, жолдо алар сатып алууну пландабаган нерсени алып кетишет.
— Бааларды салыштырыңыз. Айрам дүкөндөр өздөрүнүн дисконттук карталарын сунушташат. Бирок, арзандатууларды кошкондо да товарлар, же кызматтар башка дүкөндөргө караганда бир топ кымбат болушу мүмкүн.
— Маркетингдик акцияларга сынчыл көз карашта болуңуз. Айрым дүкөндөр ар бир бир үчүнчү же бешинчи товар акысыз берилет деген жарнамаларды чыгарышат. Мындай маркетингдик ыкмалар кардарга пайдадан да чыгымы көбүрөөк болушу мүмкүн.