akchabar logo with typographysearch

    Карылар күнү: пенсиянын минималдуу өлчөмү эки эседен ашат

    Бүгүн, 1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Кыргызстанда бул күнү майрамдык иш-чаралар, көргөзмө-жарманкелер өтөт. Быйыл карылар октябрдын башынан тарта пенсиянын көбөйүшүн чыдамсыздык менен күтүүдө.

    Социалдык фонд “Акчабарга” пенсионерлерди кандай жаңылыктар күтүп жатканын айтып берди.  

    Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт. Ошондой эле пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%, бирок 1 миң сомдон кем эмес жогорулатылат.

    Кыргызстанда 785 миңден ашуун пенсионер жашайт. Жалпы пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш. Майыптыгы боюнча пенсияга чыгуу курагы 18 жаштан башталат, зарыл болгон эмгек стажы менен багар-көрөрүнөн ажырагандыгы боюнча пенсия алган балдардын жашы 1 айдан, анын ичинде алар жогорку окуу жайларында окуп жаткан учурда 23 жашка чейин;

    Пенсионерлердин басымдуу бөлүгү Ош облусунда – 149 миң 418 адам. Жалал-Абад облусунда дээрлик 146 миң адам жашайт, Бишкек пенсия алуучулардын саны боюнча алдыңкы үч аймакка кирет. Бишкекте 115 миңден ашуун пенсионер жашайт.

    Пенсионерлердин динамикасын карай турган болсок, анда 2019-жылдан бери пенсия алгандардын саны туруктуу өсүүдө жана 5 жыл мурун Кыргызстанда 670 миң 435 адам пенсия алса, бүгүнкү күндө алардын саны 785 миңден ашык адамды түзөт.

    Жыл башынан бери өлкөдө 30 миң 477 адам  жаңыдан пенсия ала  бшатады. Алардын көбү – дээрлик ар биринде 6 миңден – Ош жана Жалал-Абад облустарында жашашат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ар биринде 5 миңге жакын жаңы пенсия алуучу пайда болду. Жаңы дайындоолордун эң азы Ош шаарында жана Талас облусунда – 1 миңден бир аз ашат.

    2020-2021-жылдары пенсиянын орточо өсүшү 107% деңгээлинде болгон, ал эми акыркы жылдары республикада пенсиялар олуттуу түрдө жогорулаган.

    Ошентип, 2022-жылы пенсия 33%га (орто эсеп менен 1 миң 988 сомго) көбөйгөн. Ошол эле учурда 2023-жылы Социалдык фонд республикалык бюджеттин катышуусуз пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 30 миң сомго чейин, 38%га, же орточо эсеп менен 1 миң 700 сомго көбөйткөн.

    III группадагы майыптыгы барлардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрү да азыр толук өлчөмдө (мурда 50% гана болчу) эсептелет. Мындан тышкары, ата-энесинин биринен ажыраган жетим балдар үчүн базалык пенсиянын өлчөмү 3 миң сом, ал эми тоголок жетим балдар үчүн базалык пенсиянын өлчөмү 6 миң сомду түздү.
    Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган, өзгөчө статуска ээ болгон пенсионерлерге ай сайын пенсиясына 2 миң сомдон компенсация төлөнүп берилет.
     

    Аскер кызматынан жаракат алган жоокерлер жана матростор үчүн майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү 2021-жылдын 1-январынан тартып 4 миң 800 сом, 2023-жылдын 1-январынан тартып 6 миң 300 сом өлчөмүндө белгиленген. 

    2023-жылдан тарта Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук объектилердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга ай сайын компенсациялык 1 миң сом төлөнүп берилет. 

    Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучуларына адилеттүү шарттарды түзүү максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына пенсиянын базалык бөлүгүн толук өлчөмдө дайындоону караган өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына пропорционалдуу дайындалып келген, бул пенсиянын жалпы суммасынын азайышына алып келген. Пенсиянын базалык бөлүгү акча табуу мүмкүнчүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу мамлекеттик колдоо экенин эске алсак, эмгек стажына кошулуу жоюлуп, азыр ал толугу менен дайындалды.

    Пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн (1996-жылга чейинки эмгек стажы үчүн) дайындоонун жана эсептөөнүн жол-жоболору да жөнөкөйлөштүрүлдү. III топтогу майыптыгы барлардын пенсияларынын камсыздандыруу бөлүктөрү толук өлчөмдө белгиленди.

    Багар-көрөрүнөн ажырагандардын пенсиясы үчүн окуу документтери жок пенсияга укук берүүчү курактын чеги 16 жаштан 18 жашка чейин көтөрүлдү, пенсия алуу укугу күндүзгү бөлүмгө гана эмес, сырттан окууга да берилди, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайларында 23 жашка чыкканга чейин окуу мезгили да кирет. Мурда 16 жашка чейинки балдар жана республиканын жогорку окуу жайларынын студенттери жана күндүзгү бөлүмдүн студенттери гана багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болчу.

    Ошондой эле, пенсионер региондук коэффициент белгиленбеген жерге көчүп барганда аймактык коэффициентти эске алуу менен мурда белгиленген үстөк акылар да сакталып калды. Мисалы, бийик тоолордо иштегендиги үчүн пенсия алган адам буга чейин бийик тоолуу шарттарда талап кылынган жылдар бою жашап жана иштеген болсо, анда пенсионер башка аймакка көчүп кетсе дагы, бонустун аймактык коэффициенти ошол бойдон калат.

    Ошону менен бирге, Социалдык фонд ааламдашуу жана эркин экономиканын заманбап шарттарында, анын ичинде дүйнө жүзү боюнча улгайган жарандардын пенсиясы мыйзамда белгиленген мөөнөттө же үч жылдан ашык мөөнөттө өз убагында алынбай калган учурлар бар экенин белгиледи. Ошондуктан талап кылынбаган пенсияларды төлөө укугуна үч жылдык мөөнөт беш жылга чейин көбөйтүлдү.

    Мындан тышкары, мурда эмгек стажына эч кандай талаптар белгиленген эмес, бул болгону бир жылдык стаж менен пенсияга чыгууга мүмкүндүк берген, ошол себептен пенсия дайындоодо анын өлчөмү аз болуп, нааразычылыктарды жаратап келген.

    Кыргызстандан айырмаланып, дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде, анын ичинде КМШда 10 жылдан 25 жылга чейинки милдеттүү эмгек стажы киргизилген. 5 жылдан 20 жылга чейинки минималдуу эмгек стажын акырындык менен киргизүү адамдарды жаңы эрежелерге көнүүгө мүмкүнчүлүк берет, мындан тышкары, бул жарандардын иш менен камсыз болушун мыйзамдаштырууга, эмгекке жарамдуу адамдардын өз келечеги үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга, пенсиялык укуктарды калыптандыруу, пенсиянын аз болушу сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт.  

    Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылы Пенсиялык фонддун чыгымдары 99,3 млрд сом болору күтүлүүдө. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 47 млрд сомго көп.

     


    Тектеш материалды окуу

    • Адал акча. Ислам дини шариатка ылайык депозит салууга каршы эмес
      Финансы адистери акчаны коопсуз сактоонун жолу аны банкта сактоо дешет. Мына ушундан улам колунда бар жарандар аны көбөйтүү же сактоо максатында банктарга аманат кылышат. Дегеле, ислам дини депозит салууга кандай карайт? Бул тууралуу диний ишенимине байланыштуу ар бир мусулман ойлонсо керек.
      2024-30-10 08:00:56
    • Кайсы банктардан балага депозит ачса болот?
      “Каржылык эркиндик”, “коопсуздук жаздыкчасы” жана “каржылык сабаттуулук” түшүнүктөрү көп талкууланган азыркы заманда баланын келечегине депозит салуу заман талабы болууда. Бул тууралуу ата-эне болгон ар бир үй-бүлө ойлонсо керек.
      2024-04-10 08:48:26