Жарыяланган
2024-06-11, 15:40Бүгүн Кыргызстанда Түрк мамлекеттери уюмунун 11-саммити өтүп, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын өлкө башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Венгрия, Түркмөнстан жана жарым-жартылай таанылган Түндүк Кипрдин лидерлери катышты. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыйындын катышуучуларын куттуктап, түрк коомчулугунда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Саммитте бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Бишкектеги саммитинде 16 документ кабыл алынды.
1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-Саммитинин Бишкек декларациясы;
2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;
3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
4. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
5. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
6. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
7. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
8. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Ошондой эле, Бишкек 2025-жылдагы түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору деп жарыяланды.
ТМУ саммитинин негизги темасы “Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” жана жашыл экономика учурдун негизги темаларынын бири болду. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, өлкөлөр аймактагы экологиялык программалардын багытын аныктай турган “Green Vision” демилгесин киргизишет.
Саммиттин алкагында Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын борбордук банктарынын жетекчилери түрк тилдүү мамлекеттердин Борбордук банктар кеңешин түзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Жаңы кеңеш акча-кредит саясатын координациялайт, төлөм системаларын өнүктүрөт жана каржы технологияларын киргизет, бул аймактагы финансылык туруктуулукту бекемдеп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, ТМУ иш-чарасынын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы төрагалык Кыргызстанга өтөт. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн алдыдагы төрагалыгынын негизги багыттары менен тааныштырды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө экономикалык интеграцияны бекемдөө, санариптик кызматташтыкты кеңейтүү жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына токтолду.
“Кыргызстан өзүнүн төрагалыгын туруктуу өнүгүүгө, коопсуздукка жана бардыгы үчүн санариптик келечекке багытталган аймактагы кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүгү катары карайт”, - деп белгиледи Жапаров.
Садыр Жапаров кыргыз тарап ишти буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде кура турганын баса белгилеп, “Түрк дүйнөсүнүн көрүнүшү-2040” программасына жана 2022-2026-жылдарга карата ТМУнун стратегияларына басым жасады.
Санариптик экономиканы өнүктүрүү жана ТМУ мамлекеттери үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү да талкуунун негизги темасы болуп калды. Бул контекстте мамлекет башчы Кыргызстандын санариптештирүүдөгү ийгиликтерин белгилеп, катышуучу өлкөлөрдү электрондук сооданы жана транспорттук процедураларды жөнөкөйлөтүү, ошондой эле бирдиктүү санариптик стандарттарды түзүү боюнча кызматташууга чакырды.
“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкекке 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын ыйгаруу демилгесин колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди мамлекет башчысы.
Президент кошумчалагандай, Кыргызстанда 2021-жылдан тарта мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана анын мобилдик версиясы бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн бирдиктүү аянтча болуп калды. Учурда порталда 37 мамлекеттик органдын 100дөн ашык түрдүү кызматтары көрсөтүлүп, ай сайын 1,5 миллионго жакын жаран пайдаланат.
Ал мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү санариптик документтер юридикалык күчкө ээ экенин, бул көптөгөн процесстерди жөнөкөйлөштүрөөрүн баса белгиледи. Анын айтымында, азыр салыктык башкаруу жана лицензиялоо процедуралары жөнөкөйлөштүрүлүп, рыноктун бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуп калды.
Эске салсак, буга чейин ТМУ өлкөлөрүнүн экономика министрлеринин жыйынында өлкөлөр кагазсыз соода боюнча келишимге кол коюуну пландап жатканы айтылган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти экология жана климаттын өзгөрүшү, анын ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн эрүү коркунучу боюнча маанилүү маселелерди көтөрдү. Ал республика 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырып жатканын жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасын илгерилетүү боюнча ТМУ өлкөлөрүнүн колдоосуна үмүттөнөөрүн баса белгиледи.
Садыр Жапаров жыйындын катышуучуларына жашыл демилгелерди координациялоо үчүн түрк экологиялык борборун түзүүгө чакырык менен кайрылды.
Сөзүнүн аягында Кыргызстандын президенти экономика, санариптик интеграция жана коопсуздук жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.
“Бул жолугушуунун жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер биздин аймактарда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоого, ТМУ өлкөлөрүнүн мындан аркы өнүгүшүнө жана элдерибиздин бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.