akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: иллюстративное

    Жарыяланган

    2024-23-12, 13:33

    Финансы министрлигинин микрокредиттик компаниясы биржанын БТС листингинен өттү, бирок кайра эле «С» категориясында калды

    2024-жылдын 19-ноябрында 100% акциясы Финансы министрлигине таандык “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы” ААКсы “Кыргызстандын фондулук биржасы - БТС” ЖАКтын листингинен ийгиликтүү өттү. Листингдик комиссиянын чечими менен компаниянын акциялары биржанын расмий тизмесине “С” категориясы – эмитенттердин баштапкы категориясы боюнча киргизилген.

    Кызыгы, 2015-жылдан бери “Ишкердикти өнүктүрүү фондунун” акциялары буга чейин ушундай категорияда Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) листингине чыккан. Бирок, дээрлик он жыл бою алардын статусу жогорку "В" категориясынын кээ бир критерийлерине жооп бергени менен өзгөргөн жок.

    Кыргыз фондулук биржасынан “Акчабарга” билдиришкендей, Ишкердикти өнүктүрүү фондунун акцияларынын баштапкы листингинде аларды “С” категориясына классификациялоо жогорку категорияларга киргизүү үчүн зарыл болгон капиталдын көлөмү жетишсиз болгондуктан (“С” категориясы үчүн, минималдуу талап 10 миллион сомду түзөт).  

    Учурда акциялардын кошумча эмиссиясынын аркасында фонддун көрсөткүчтөрү кийинки категориядагы талаптарга жооп берет. Ушуга байланыштуу, биржа эмитентке “В” категориясына өтүүнү сунуштоону пландаштырууда.

    “В” категориясына кандай талаптар коюлат жана “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акцияларынын листингдик категориясын жогорулатуу үчүн алардын баарын аткардыбы?

    “В” категориясынын биринчи талабы – өздүк капиталы 50 млн сомдон кем эмес болушу керек. Быйылкы жылдын 1-октябрына карата “Микрокредиттик компания” ААК “Ишкердикти өнүктүрүү фондунда” бир миллиард сомдон ашык (1 миллиард 86,1 миллион сом) бар.

    Экинчи талап – эмитент 3 жылдан кем эмес юридикалык жак катары алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн болушу керек. Фонд 2015-жылы KФБ тизмесине киргизилген, демек, ага дээрлик 10 жыл болду.

    Үчүнчү талап – эмитенттин акыркы отчеттук жыл үчүн же акыркы үч жылдын суммасы боюнча таза кирешеси болушу керек. 1-октябрга карата компаниянын таза кирешеси КФБга берилген отчет боюнча 47 млн ​​205,9 миң сомду түздү. Мындан тышкары, бир жыл ичинде 2024-жылдын январь айынан баштап 25 миллион 47,1 миң сомдон өскөн.

    Төртүнчү талап: эмитент көз карандысыз мүчөлөрдү камтыган директорлор кеңешин түзүшү керек. Мындан тышкары, көз карандысыз директорлордун саны директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30% кем эмес болушу керек.

    Дал ушул критерий аткарылбаган бойдон калууда. Фонддун директорлор кеңеши үч мүчөдөн турат: башкармалыктын төрагасы Камбарбек Молдобеков жана директорлор кеңешинин эки мүчөсү Марлен Амандыков менен Абай Атакулов. Фонддун сайтында көз карандысыз директорлор тууралуу маалымат жок. Балким, бул талапты аткарбоо компаниянын жаңы лигага өтүүсүнө тоскоол болуп жаткандыр.

    Корпоративдик башкаруу боюнча суроолорго карабастан, фонд бизнес активдүүлүгүн көрсөтөт. 2024-жылдын январь айынан октябрга чейин ишкана бизнеске 448 миллион 191,2 миң сомго микрокредиттерди берип, 1-октябрга карата берилген кредиттердин жалпы көлөмү 1,1 миллиард сомдон ашты. Бул аралыкта уставдык капитал 416,8 миллион сомго көбөйтүлүп, 1,08 миллиард сомго чейин өскөн, ал эми милдеттенмелер 91,3 миллион сомго (-6,3 миллион сомго) кыскарган.


    Тектеш материалды окуу