akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: DALL·E

    Жарыяланган

    2024-27-11, 10:39

    Борбор калааны кандай элестетесиз? Бишкектин брендин түзүү пландалууда

    “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси баш калаага бренд түзүү демилгесин көтөрдү. Долбоордун алкагында анонимдүү сурамжылоо башталды, анын максаты – тургундар Бишкекти жана анын негизги өзгөчөлүктөрүн кандай кабыл алаарын изилдөө.

    Шаардык иденттүүлүктүн калыптанышы дүйнө жүзү боюнча мегаполистердин тенденциясы болуп саналат. Ааламдашуу, экономикалык жана маданий борборлор катары шаарлардын ортосундагы атаандаштыктын шартында уникалдуу бренд туристтерди, инвестицияларды тартууга жана эл аралык аренада өнүгүүгө жардам берет. Бишкек өз кезегинде көчмөн маданияттын салттарын жана заманбап тенденцияларды бириктирген духун баса көрсөтүүгө умтулат.

    “Биз бул изилдөөнү сиздер, урматтуу жарандар, шаарыбызды кандай кабыл алып жатканыңыздарды түшүнүү үчүн жүргүзүп жатабыз. Сиздердин пикириңиздер жана тажрыйбаңыздар Бишкектин брендин жана иденттүүлүгүн калыптандыруу үчүн абдан маанилүү. Шаарыбыз сиз үчүн эмнеси менен өзгөчөлөнө тургандыгын билүүгө кызыкдарбыз”, - деп билдирди “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси.

    Сурамжылоо борбордун маданий жана социалдык өзгөчөлүгү, анын космополитизми жана жаратылыш менен байланышы тууралуу суроолорду камтыйт. Маселен, респонденттерге Бишкектин маңызын чагылдырган символду тандап, шаар эмнеси менен өзгөчөлөнгөнүн сүрөттөп берүү сунушталат. Жооптор борбордун күчтүү жактарын баса белгилеген брендди өнүктүрүү стратегиясын түзүүгө көмөктөшөт.

    Уюштуруучулар салттуулук менен модернизмдин гармониясы, ошондой эле Бишкектин региондо жана анын чегинен тышкаркы позицияларды ээлей ала тургандыгы тууралуу шаар тургундарынын пикирлерин эске алат.

    Чогулган маалыматтар Бишкектин брендин түзүүгө жана анын дүйнөгө өзүн кандай таанытарына жумшалат. 

    Кошумчалай кетсек, шаардык бренддерди түзүү боюнча ушундай демилгелер Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да болгон. Маселен, 2022-жылы Алматыда шаарды туристтик жай катары таанытуу үчүн жаңы шаар брендин өнүктүрүү маселеси талкууланган.

    Өзбекстанда да шаарлардын жана аймактардын жагымдуулугун жогорулатууга багытталган брендингдин бир катар мисалдары бар. Мисалы, борбордун иденттүүлүгүн түзүү долбоору - “Жаңы Ташкент”. Анын концепциясы шаардын маданий тамырларын сактап калуу менен модернизациялоого басым жасаган кол тамга стилин камтыйт. Мисалы, Самарканд, Бухара, Хива сыяктуу шаарларды Өзбекстан маданий-тарыхый борбор катары жигердүү пайдаланып жатат.

    Сурамжылоо аяктагандан кийин маалыматтар иштелип чыгып, коомчулукка жарыяланат. Алардын негизинде Бишкектин визуалдык иденттүүлүгү жана позициясынын стратегиясы түзүлөт.

    Сурамжылоо болгону 10 мүнөт убакытты алат, ал эми шилтеме бул жерде.


    Тектеш материалды окуу