akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-22-10, 09:38

    Европадагы мигранттар өлкөгө акча которууда эмнеге маани бериши керек?

    Европадагы кыргызстандык мигранттар мекенине коопсуз акча жөнөтүү, жашыруун комиссиялык төлөмдөрдү кыйгап өтүү боюнча эмнелерди билиши керек?

    Евробиримдикте жашаган мигранттар Европадан Кыргызстанга кантип акча которуу боюнча көп суроо беришет. Анткени, бул акчалар алардын туугандарын материалдык жактан колдоого жардам берет.

    Акчаны жоготуп албаш үчүн эң үнөмдүү, бирок ошол эле учурда Кыргызстанга акча которууларды тез жана ишенимдүү жөнөтүү жолун тандоо маанилүү. Акча которууда төмөнкү факторлорду эске алуу зарыл:

    1. Комиссиялык төлөмгө маани бериңиз    

    Кымбат комиссиялык төлөмдөр сиз үй-бүлөңүзгө жөнөткөн акчанын көлөмүн бир топ азайтат. Айрым салттуу кызматтар которула турган акчанын суммасынын олуттуу пайызын алышат, башкалары өзгөрүлмө жыйымдарды алышат, алар сумма көбөйгөн сайын көбөйөт. Акча жөнөтүүдөн мурун комиссиялык төлөмдү жана тарифтерди салыштыруу маанилүү.

    2. Акча алмаштыруу курстарын салыштырыңыз    

    Евродон кыргыз сомуна которуу курсу тейлөөгө жараша олуттуу түрдө өзгөрүшү мүмкүн. Жагымсыз алмашуу курсунун улам алуучу күтүлгөндөн азыраак акча алышы мүмкүн.

    3. Акча которуу ылдамдыгын текшериңиз  

    Банктык которуулар жана накталай которуулар бир нече күнгө созулушу мүмкүн, ал эми онлайн которуулар, адатта, заматта болот.

    Европадагы кыргыз мигранттары үчүн акча которуунун эң эффективдүү жолдорунун бири – Profee онлайн акча которуу кызматы бир катар жеңилдиктерди сунуштайт.

    Эмне үчүн Profee?  

    Пайдалуу. Кардар Европадан Кыргызстанга комиссиясыз акча которо алат. Profee еврону кыргызстандык сомго эң ыңгайлуу алмашуу курсун сунуштайт, бул көбүрөөк акча алууга мүмкүндүк берет. Жаңы кардарлар биринчи которуу үчүн жакшыртылган алмашуу курсун алышат. Ошентип, дароо биринчи которуу үчүн мүмкүн болгон максималдуу сумма - 500 евро. Кийинки которуулар үчүн комиссия минималдуу бойдон калууда - суммага карабастан, болгону бир евро же британ фунту.

    Тез. Profee технологиялары Кыргызстанга Евробиримдиктин карталарынан же Apple Pay/Google Pay аркылуу республикадагы банк карталарына дароо акча жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

    Ыңгайлуу, анткени Profee кардарлары интернет аркылуу да, iOS же Android үчүн тиркеме аркылуу да Кыргызстанга акча которо алышат. Которуу үчүн сизге Евробиримдиктин банк картасы жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар смартфон жетиштүү. Сиз каалаган жерден 24/7 акча которо аласыз.

    Profee ашыкча чыгымдарсыз каражаттарды тез жеткирүүгө кепилдик берет. Profee колдонмосун жүктөп алып, Евробиримдиктен үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга акча жөнөтүңүз.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстанда эски долларлар жүгүртүлүп жатабы? Ал эмнеге жарайт?
      Бүгүнкү күндө Бишкекте “эски долларды” өткөрүүдө көйгөй жаралганы айтылууда. Бул азыркыдан ачык түсү менен айырмаланган эски америкалык валюталарга тиешелүү. Бирок, маселе бир гана түстө эмес. Айрым мамлекеттер жана каржы институттары эски долларларды такыр кабыл албай же арзандатуу менен алып жатышат.
      2024-08-11 11:02:00
    • Фишинг: алдамчылардын торуна кантип түшүп калбоо керек?
      Фишинг - бул колдонуучунун логини, сыр сөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздөгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө email же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт.
      2024-04-11 04:04:53
    • Бала менен акча тууралуу кантип сүйлөшүү керек?
      Балада канчалык эрте каржылык сабаттуулук, же жөнөкөй сөз менен айтканда акча тууралуу түшүнүк калыптанса, ошончолук жакшы. Бул учурда бала чыгашаларды пландаштырууну жана үнөмдөөнү, өз алдынча каржылык чечимдерди кабыл алууну жана убактысын жана ресурстарын баалаганды үйрөнөт.
      2024-31-10 06:48:33
    • Жеке каржыга кам көрүү аң сезимдүү керектөөдөн башталат
      Көбүнчө “аң сезимдүү керектөө” түшүнүгү экология жана айлана-чөйрөгө гумандуу мамиле менен байланыштуу. Алсак, суу жана электр энергияны ысырап кылбоо, желим баштыктарды сатып албоо, таштандыларды иргөө. Бирок аң сезимдүү керектөө ар кандай ресурстарга, анын ичинде “каржыга кам көрүү” дегенди да билдирет.
      2024-29-10 06:08:40