Жарыяланган
2025-17-04, 20:58Кыргызстан 30 жылдан бери биринчи жолу энергетика тармагын өнүктүрүүгө кадам жасай баштады. Мурда керектөө гана өсүп, генерация артта калса, азыр абал өзгөрө баштады. Мамлекет тарабынан инвесторлор үчүн шарттар түзүлүп, өлкө боюнча жаңы объектилер тездетилген темп менен курулууда. Кичи ГЭСтерге өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, 2025-жылы эле төрт ГЭС өз ишин баштайт.
Пресс-турдун жүрүшүндө Энергетика министрлиги учурда Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында 15тен ашык долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.
16-апрелде мекеме журналисттер менен студенттер үчүн республиканын энергетика тармагы кандай иштеп жатканын көрсөтүү үчүн энергетикалык объектилерге экскурсия уюштурду.
Негизги долбоорлордун арасында Ысык-Көлдөгү Орто-Токой ГЭСи бар. Анын кубаттуулугу 21 мегаватт болуп, 14 миңден ашык абонентке жетет. Курулуш кытайлык CHMC компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Дагы бир объект — Ат-Башы ГЭСи толук реконструкцияланды. Модернизациялоодон кийин анын өндүрүшү бир топ өстү – азыр станция Нарын облусунун керектөөлөрүнүн 25%ын жабат.
Энергетиканы өнүктүрүүгө мамлекет, чет элдик инвесторлор гана эмес, жергиликтүү инвесторлор да инвестиция салып жатканы кызыктуу факт. Мисалы, Куланак ГЭСи жергиликтүү жеке ишкердин демилгеси.
100 мегаваттык электр станциясы Нарын шаарынан 40 чакырым алыстыкта курулуп жатат. Ал жылына 450 миллион киловатт-саатка чейин таза энергия иштеп чыгарат. Жаңы ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын Борбор Азиядагы электр энергия рыногунда позициясын бекемдейт, анын ичинде кубаттуулугу 40 мегаватт болгон бир гана ГЭС иштеп жаткан аймактагы энергетикалык дефицитти азайтат. Учурда мекемеде 1 миңден ашык адам эмгектенет.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы электр энергиясынын 90% гидроэлектрстанциялардан иштелип чыгат.