akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    arrow right
    arrow right

    Дотациядан чыгып, модернизацияга карай: Жаңы тарифтик саясат өлкө экономикасына эмне берет?

    Кыргызстанда 2025-жылдын 1-майынан тарта электр энергиянын жаңы тарифтери күчүнө кирет. Ал Энергетика министрлиги тарабынан 2025-2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын алкагында бекитилди. Анын башкы максаты энергетика системасындагы таңкыстыкты азайтып, инфраструктураны жаңылоо үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттик бюджеттен көз карандылыкты азайтуу.

    Айына 700 кВт/саатка чейин электр энергия керектеген калк үчүн 1 киловаттын баасы азыр 1,11 сомду түзсө, майдан тарта 1,37 сом болуп өзгөрөт. Ал эми аталган чектен ашкан учурда тариф 2,60 сом болот (азыр 2,39 сом). Электр энергияны чектөөсүз тариф боюнча колдонгондор үчүн баа 4,42 сомду түзөт (арыз 3,63 сом). 

    Ошондой эле баа башка керектөөчүлөр үчүн да өзгөрөт. Маселен, социалдык объектилер үчүн тариф 2,62 сомго чейин, өнөр жай ишканаларыныкы— 3,34, коммерциялык керектөөчүлөр үчүн — 3,96, бюджеттик уюмдардыкы — 4,09 жана электр энергияны көп талап кылган өндүрүш тармагыныкы 6,06 сомго чейин көтөрүлөт. Электр унааларды кубаттоочу станцияларда бир киловаттын наркы 5,31 сом болот.  

    Эксперттердин коомчулугу энергетика тармагындагы бул реформалардын зарыл экенин белгилешет. Себеби ушундай иш-аракеттер менен гана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылууга болот. 

    «Электр энергия менен туруктуу камсыздоо ишканаларга үлгүлтүксүз иштөөгө, өндүрүмдүүлүктү жана атаандаштыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ал эми экономиканын локомотиви болгон өнөр жай тармагынын туруктуу иштеши түздөн-түз энергетикалык системанын натыйжалуулугунан көз каранды», — деп белгилейт экономист Нургүл Акимова.

    Анын айтымында, республикадагы тарифтер көп учурда электр энергиянын өздүк наркын жаппайт. Мунун айынан энергетикалык компаниялар каражаттын тартыштыгына туш болуп, мамлекеттик субсидиялардан көз каранды болуп келишет. Эксперттин пикиринде, мындай көрүнүш модернизация үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектеп, тармактын инвестициялык жагымдуулугун төмөндөтөт.

    «Тең салмактуу тарифтик саясат энергетикалык компаниялардын чыгымдарын жабууга гана эмес, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого да өбөлгө түзөт. Бул өндүрүш кубаттуулуктарын жаңылоо жана альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү», — дейт Акимова.

    Ошондой эле Акимова калк үчүн социалдык багыттагы тарифтер маанилүү экенин белгилеп, бирок ал башка керектөөчүлөрдүн эсебинен субсидиялоого алып келбеши керектигин айтат. Өнөр жай жана чарбалык абоненттер үчүн тарифтер реалдуу чыгымдарга ылайык болушу зарыл. Анткени бул энергетикалык компанияларга чыгашаларын жабуу принцибинде иштөөгө шарт түзөт. Бул жол энергетика тармагындагы тартыштыкты азайтат жана мамлекеттик ресурстарды экономиканын башка негизги тармактарына инвестициялоого өбөлгө болот.  

    «Энергетика өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу таасир тийгизет: ал өнөр жай өндүрүшүнүн негизин түзөт, энергетикалык компаниялардын каржылык туруктуулугуна таасир этет, инвестициялык шарттарды түзөт жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылат. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү экономиканын натыйжалуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн тарифтик саясатты өз убагында кайра карап чыгуу зарыл экенин дагы бир ирет тастыктайт», — деп жыйынтыктады эксперт.  

    Кыргызстанда электр энергияны керектөө жылдан жылга өсүп жатканын белгилеп кетүү керек. Акыркы 10 жыл ичинде керектөө 3,6 млрд кВт/саатка, ал эми абоненттердин саны 312 миңге көбөйдү. Бул өлкөдөгү жаңы турак жайлардын, конуштардын санынын, өндүрүштүн артышы, акыркы жылдардагы экономикалык өсүш менен байланыштуу.  

    Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын ИДПсы 9%га өскөн, ал эми 2025-жылдын январында өсүш 10,6%га жеткен. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылы 5,5%ды, быйылкы жылдын январында 10,7%ды түздү. Экономикага келген инвестициялар 38,3%га артып, алардын басымдуу бөлүгү байланыш, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жай тармагына келген.

    Муну менен катар энергетика тармагында ири модернизация башталды. 2024-жылы эле өлкөдө 8 чакан ГЭС ишке берилип, жалпы кубаттуулугу 359,44 МВт болгон дагы 49 ГЭСтин курулушу жүрүүдө. «Куланак» ГЭСинин (100 МВт) курулушу кызуу жүрүүдө, Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи агрегат орнотулууда. «Казарман» ГЭСи (1160 МВт), «Суусамыр-Көкөмерен» ГЭСи (1305 МВт), ошондой эле жалпы 237,7 МВт кубаттуулук бере турган Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлор боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу